Түндүк-Батыш Университети
Түндүк-Батыш Университети (NU) - Иллиойс штатындагы Эванстон шаарында жана АКШнын Чикаго жана Катардын Доха шаарларында кампустары жайшашкан жеке изилдөө университети болуп саналат. Бул университеттин академиялык программалары жана имараттары Вашингтондо жана Сан Францискодо да бар. Түндүк-Батыш университети он эки мектептен жана колледждерден турат жана 124 бакалавр жана 145 магистратуралык программларын сунуш кылат. Бул университет Кошмо Штаттардагы абдан кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири болуп эсептелинет, айрыкча ал коомдук илимдер боюнча 11-орунда турат.
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Түндүк-Батыш 1851-жылы Жон Эванс тарабынан негизделген жана ушул адамдын аты Эванстон шаарына берилген. Андан тышкары, бул университет сегиз башка юристтер, бизнесмен адамдар жана методис лидерлерден негизделген. Бул университетти түзүүнүн негизги максаты Батыш аймагына кызмат кылуу. Батыш аймагына бүгүнкү күнү Огайо, Индиана, Иллинойс, Мичиган, Висконсин жана Миннесота штаттары кирет. Сабактар 1855-жылы башталган жана аялдар 1869-жылы кабыл алына баштаган. Бүгүн, башкы кампусу 240 акр (97 га) Эванстон шаарында, Чикаго шаарынан 12 чакырым түндүктө, Мичиган көлүнүн жээгинде жайгашкан. Университеттин укук, медициналык жана кесиптик окуу жайлары Чикаго шаарынын Стриитвил конушунда 25 акрда (10 га) жайгашкан. 2008-жылы университет журналистика жана байланыш программаларын Катардын Доха шаарындагы Билим Берүү Шаарчасында ачкан. . 2016-жылы журналистика, инженердик-техникалык, жана маркетинг программаларын Сан Франциско шаарынын 44 Монтгомери көчөсүндө жайгашкан кампуста ачкан.
Түндүк-Батыш университети Big Ten жыйынынын уюштуруу мүчөсүнүн бири болуп саналат жана жыйындын курамында жалгыз гана жеке менчик университет болуп саналат. Northwestern Wildcats командасы NCAA Division I Big Ten ойунунда 19 университеттин арасындагы спорт оюнунда ойнойт.