Түндүк Казакстан облусу

Википедия дан

Түндүк Казакстан облусу - Казакстандагы адм.-айм. бирдик.

1936-ж. 29-июлда уюшулган. 1997-жылдан азыркыдай аталат. Аянты 97,7 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 3,6% и). Калкы 583,6 миң (2013); элинин негизин орустар (50,4%) менен казактар (33,3) түзөт. Ошондой эле украин, немис, поляк, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2те 6 киши. Адм.айм. жактан 13 районго, 1 шаарга бөлүнөт. Адм. борбору - Петропавловск ш. Облуе Казакстандын түндүгүндө жайгашып, Батпыш Сибиръ туздугущп түштүк бөлүгүн, Казак Сары-Аркасынът бир бөлүгүн ээлейт. Климаты кескин континенттик. Кышы суук жана узак. Жайы салыштырмалуу жылуу. Январдын орт. температурасы -18,6°С, июлдуку 19°С. Жылдык жаан-чачыны 350 мм (анын 80-85% и жылдын жылуу мезгилинде түшөт). Кар 5 айга жакын жатат (ноябрдан апрелге чейин). Аймагынын 8%ин токой ээлейт. Негизинен ак кайың өсөт.

Дарыялары өтө аз, көпчүлүгү жазында ташкындап, жайында тартылат. Обдун алабына кирет. Облустун эн четки батышынан Ишим д. агып өтөт. Майда көлдөр көп кездешет. Жери кара топурактуу. Тулан чөптөр өсөт. Сары-Арканын түндүк капталдарында карагай, кайың токойлору бар. Чарбасынын негизин айыл чарба түзөт. Өнөр жайында айыл чарба сырьёлорун кайрадан иштетүүчү, тамак-аш (ун тартуу, эт, май, быштак, сүт, спирт), металл иштетүү, курулуш материалдары, кийим тигүү ишканалары бар. Дан эгиндери (жаздык буудай), таруу, кара күрүч ж. б. эгилет. Бодо мал, кой, эчки, чочко, жылкы асыралат. Климаттык Боровой (кымыз менен дарылоочу) курорту иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4


Казакстандын акимий бөлүнүшү Emblem of Kazakhstan.svg
Облустар: Абай облусу · Акмоло облусу · Актөбө облусу · Алмата облусу · Атырау облусу · Батыш Казакстан облусу · Жамбыл облусу · Жети-Суу облусу · Караганды облусу · Костанай облусу · Кызыл-Ордо облусу · Маңкыштоо облусу · Павлодар облусу · Түндүк Казакстан облусу · Түркстан облусу · Улуу-Тоо облусу · Чыгыш Казакстан облусу
Республикалык маанидеги шаарлар: Астана · Алмата · Байкоңур
Жоюлган облустар: Жезказган облусу · Көкчө-Тоо облусу · Семей облусу · Талды-Коргон облусу · Торгой облусу