Түндүк Корея вону
| Түндүк Корея вону (кырг.) | ||
|---|---|---|
|
North Korean Won (аңгл.) | ||
|
| ||
| Коддор жана белгилер | ||
| ISO 4217 коддору | KPW (408) | |
| Символдор | ₩ жана 원 | |
| Жүгүртүү чегарасы | ||
| Эмитент | ||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | ||
| Бөлчөктүү | Чон (1⁄100) | |
| Параллелдүү | Кытай юаны | |
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | ||
| Монеталар | 1, 5, 10, 50 чон жана 1 вон | |
| Банкноттор | 5, 10, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000 жана 5000 вон | |
| Тарыхы | ||
| Киргизилди | 06.12.1947 | |
| Мурда колдонулган валюта | Корея иенасы | |
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | ||
| Эмиссиялык борбор | КЭДР Борбордук банкы | |
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | ||
| 2025-жылдык инфляция | ||
| Инфляция | белгисиз | |
Түндүк Корея вону (кор. 원) — Корей Эл-Демократиялык Республикасынын расмий акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — KPW, сандык коду — 408. Расмий белгиси — ₩ жана 원, эмитенти — КЭДР Борбордук банкы. Бир вон 100 чондон турат[1].
Кытай юаны — КЭДР аймагында параллелдүү жүгүртүүдөгү валюта[2].
1947-жылы жүгүртүүгө киргизилген. Мурда вон 100 чонго бөлүнгөн, бирок азыркы учурда инфляциянын натыйжасында чон номиналындагы монеталар көп кездеше бербейт.
Кореяны Жапония басып алгандан кийин, бул аймактагы акча бирдик катары Сеулдагы Тёсэн банкынын (мурдагы Корея банкы) коря иенасы болгон. Корея үчүн банкнотторду (10, 20, 50 сен, 1, 5, 10 иена) Жапониянын биринчи Улуттук банкы басып чыгарган.
0.5, 1, 5, 10, 20 чон, 0.5, 5, 10 жана 20 вон номиналындагы монеталар дагы чыгарылган.
1945-жылы Кореянын түндүк бөлүгүндө советтик аскерлер бийлигин орноткондон кийин 1, 5, 10, 100 вон номиналындагы согуш мезгилинин банкноттору жүгүртүүдө болгон, кийинчерээк 1947-жылы Түндүк Кореянын Убактылуу Элдик Комитети тарабынан КЭДР вону чыгарыла баштаган.
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1959-жылы жана 1974-жылы алюминийден 1, 5 жана 10 чон номиналында чыгарылган.
1978-жылы 50 чон номиналындагы, 1987-жылы 1 вон номиналындагы монеталар чыгарылган.
Ар кандай майрамдарга арналган юбилейлик монеталар (аз номиналдагы юбилейлик монеталар алюминийден, чоң номиналдагы юбилейлик монеталар колодон, жез-никель куймасынан, күмүштөн жана алтындан жасалат) чыгарылы турат.
2008-жылы чыгарылган 1 жана 5 чон номиналындагы 2008-жылы жүгүртүүгө киргизилген жаңы вон үчүн даярдалган, бирок кийинки гиперинфляциянын жогорулашынан суроо-талап майда номиналдагы монеталарга азайган.
| 1959-2008-жж. монеталар[3] | ||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Аверс | Реверс | Номинал | Салмагы
(г) |
Диаметр (мм) | Калыңдыгы
(мм) |
Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган жылдары | |||
| Материал | Кыры (гурт) | Аверс | Реверс | |||||||
| 1 чон | 0,64 г | 16 мм | 1,4 мм | Алюминий | жылмакай | КЭДР герби, чыгарылган жылы | Номинал, арткы бетинде 1 견본 жазуусу | 1959 | ||
| Номинал | 1959, 1970 | |||||||||
| 0,62 г | Номинал, арткы бетинде тартылган бир жылдыз | 1959 | ||||||||
| Номинал, арткы бетинде тартылган эки жылдыз | ||||||||||
| 0,8 г | 18 мм | 1,48 мм | КЭДР герби, номинал | Шлиппенбахтын рододендрону, чыгарылган жылы | 2008 | |||||
| 5 чон | 0,81 г | 18 мм | 1,4 мм | КЭДР герби, чыгарылган жылы | Номинал, арткы бетинде 5 견본 жазуусу | 1959 | ||||
| Номинал | 1959, 1974 | |||||||||
| Номинал, арткы бетинде тартылган бир жылдыз | 1974 | |||||||||
| Номинал, арткы бетинде тартылган эки жылдыз | ||||||||||
| 1 г | 19 мм | 1,51 мм | КЭДР герби, номинал | Дарак пиону, чыгарылган жылы | 2008 | |||||
| 10 чон | 0,95 г | 20 мм | 1,4 мм | КЭДР герби, чыгарылган жылы | Номинал, арткы бетинде 10 견본 жазуусу | 1959 | ||||
| Номинал | ||||||||||
| Номинал, арткы бетинде тартылган бир жылдыз | ||||||||||
| Номинал, арткы бетинде тартылган эки жылдыз | ||||||||||
| 1 г | 19,5 мм | 1,47 мм | КЭДР герби, номинал | Азалия, чыгарылган жылы | 2002 | |||||
| 50 чон | 2,01 г | 25 мм | 1,4 мм | Чхоллима, чыгарылган жылы, арткы бетинде 견본 жазуусу | 1978 | |||||
| Чхоллима, чыгарылган жылы | ||||||||||
| Чхоллима, чыгарылган жылы, арткы бетинде тартылган бир жылдыз | ||||||||||
| Чхоллима, чыгарылган жылы, арткы бетинде тартылган эки жылдыз | ||||||||||
| 1,5 г | 21,6 мм | 1,78 мм | Кимченирия, чыгарылган жылы | 2002 | ||||||
| 1 вон | 2,32 г | 27 мм | 1,79 мм | кесикче | КЭДР герби, номинал, чыгарылган жылы | Элдик окуу сарайы | 1987 | |||
| 1,8 г | 24 мм | 1,91 мм | жылмакай | КЭДР герби, номинал | Кимирсения, чыгарылган жылы | 2002 | ||||
| 5 вон | 1,2 г | 21 мм | 1,5 мм | КЭДР герби, чыгарылган жылы | Номинал | 2005 | ||||
| 10 вон | 1,67 г | 23 мм | 1,8 мм | |||||||
| 50 вон | 2,01 г | 25 мм | 1,85 мм | |||||||
| 100 вон | 2,27 г | 27 мм | 1,8 мм | |||||||
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1947-жылы декабрда вон валютасы Түндүк Кореяда жүгүртүүгө киргизилип, корея иенасын 1:1 катнашында алмаштырган[4].
1947-жылдагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1959-жылдагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1959-жылы 1947-жылдагы банкноттор 100:1 катнашында деноминацияланган. 1999-жылга чейин негизги валютага параллель эки түрдөгү чет элдиктер үчүн банкноттор жана монеталар чыгарылган:
- Достук мамиледеги өлкөлөрдөн келген туристер үчүн кызыл банкноттор, бир жылдыздуу монеталар чыгарылып турган.
| Социалисттик өлкөлөрдөн келген туристтерге арналган серия | |||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Түсү | Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган
жылдары | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | ||||
| 1 чон | 100×46 | кызыл | Номинал | Номинал | 1988 | ||
| 5 чон | |||||||
| 10 чон | |||||||
| 50 чон | |||||||
| 1 вон | 110×56 | Эл аралык достук көргөзмөсү | Номинал, зайтун бутагы менен глобус | ||||
| 5 вон | 120×66 | ||||||
| 10 вон | 130×66 | ||||||
| 50 вон | 140×70 | ||||||
- Капиталисттик өлкөлөрдөн келген туристер үчүн жашыл жана көк банкноттор, эки жылдыздуу монеталар чыгарылып турган.
| Капиталисттик өлкөлөрдөн келген туристтерге арналган серия | |||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Түсү | Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган
жылдары | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | ||||
| 1 чон | 100x45 | кочкул кызыл, көк | Номинал | Номинал | 1988 | ||
| 5 чон | |||||||
| 10 чон | |||||||
| 50 чон | |||||||
| 1 вон | 110×55 | кочкул жашыл | Чхоллима, ядролук энерггетиканын символу | Номинал, орнамент | |||
| 5 вон | 120×66 | ||||||
| 10 вон | 130×66 | ||||||
| 50 вон | 140×70 | ||||||
2002-жылы «параллель валюталардын» эки түрү тең жүгүртүүдөн алынып салынган жана өлкө чет элдик валюталарды эркин алмаштырууга уруксат берген.
1978-жылдагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1992—2007-жылдардагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2009-жылдагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2009-жылдын ноябрынын аягында КЭДР бийлиги вон 100:1 катнашында деноминацияналарын жарыялаган. Алмашуу мөөнөтү ошол эле жылдын 7-декабрына чейин белгиленген жана жарандарга банкнотторду алмаштыруу үчүн бир жумага жакын убакыт берилген[5].
2014-жылдын август айында жаңы үлгүдөгү 5000 вон номиналындагы банкнот чыгарылган[6].
| 2002-ж. серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал
(вон) |
Өлчөмү
(мм) |
Түсү | Сүрөттөөмөсү | Суу белгиси | Чыгарылган
жылдары | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | |||||
| 5 | 145×66 | көгүш
көк |
профессор жана студент | Супхун ГЭСи | Зибольда магнолиясы | 2002 (2009) | ||
| 10 | жашыл
кызгылт көк |
учкуч, матрос жана жоокер | Корея согушундагы Жеңиш музейинин башкы кире беришинин алдындагы эстелик | |||||
| 50 | көгүш
кызгылт көк |
КЖП мүчөлөрү жана жумушчу | Пхеньяндагы Кореянын Жумушчулар партиясынын негизделгендигине арналган эстелик | |||||
| 100 | боз
күрөң |
магнолия гүлү | номинал | 2008 (2009) | ||||
| 200 | кызгылт көк | Чхоллима эстелиги | номинал | |||||
| 500 | көк | Пхеньяндагы триумф аркасы | номинал | |||||
| 1000 | кызгылт көк | Мангёндэдеги Ким Ир Сендин туулган үй | Самджиён көлү | |||||
| 2000 | көгүш
көк |
Чонильбон чокусу жана Ким Чен Ирдин Пэктусандагы жашыруун лагериндеги туулган үйү | Пэктусан | |||||
| 5000 | күрөң
кызгылт |
Ким Ир Сен | Мангёндэдеги Ким Ир Сендин туулган үй | |||||
| күрөң | Мангёндэдеги Ким Ир Сендин туулган үй | Эл аралык достук көргөзмөсү | 2013 | |||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Currency History.Северо-корейская вона — история, курс, особенности валюты
- ↑ Логиновский Е.Л. Юань в экономике Северной Кореи: новые горизонты сотрудничества КНР и КНДР
- ↑ Северная Корея (1959 - 2019) - Регулярный выпуск - uCoin.net (орусча).
- ↑ Бониста. Валюта Северной Кореи с 1948 года и немного истории
- ↑ Daily NK. 北 화폐교환 상한 액수 왜 자주 변경하나?
- ↑ RT. Власти Северной Кореи убрали изображение Ким Ир Сена с новых банкнот