Түндүк Сентинел аралы

Википедия дан
Түндүк Сентинел аралы

Түндүк Сентинел аралы (англисче: North Sentinel Island) — Бенгал булуңунда жайгашкан Андаман аралдарынын биринде кооптуу сентинелдер уруусу жашайт. Алар цивилизациядан качып, аймагына киргендерге катуу каршылык көргөзүшөт. Окумуштуулардын болжолунда, бул аборигендер башкалардан 60 миң жылдай бөлүнүп жашашкан. Аборигендер өзүлөрүнүн аймагын күчөтүлгөн түрдө коргошот. Мисалы, 2004-жылы болгон цунамиден кийин алардан кабар алууга учуп барган индиялык өкмөттүн тик учагын жаа менен аткылашкан. Алардын акыркы курмандыгы балыкчылар болгон. Балыкчылар өлтүрүлгөн соң индиялык бийлик жарандарын сентинелдиктерден жана алардын аймагынан алыс болууга чакырышкан.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]