Түндүк Теңир-Тоо (геология)

Википедия дан

Түндүк Теңир-тоо (геология) - Теңир-Тоонун негизги жаракасынын түндүгүндө, каледон бүктөлүү мезгилинде пайда болгон тектон. структура.

1933-ж. В. А. Николаев бөлүп аныктаган. Моюн-Кум - Нарат ортонку массивинен, каледон бүктөлүү системасынан жана эпикаледон ойдундарынан турат. Моюн-Кум - Нарат ортонку массиви Челек - Кемин жаракасы, Тескей терең жаракалары менен чектелип, Чүй жана ЫсыкКөл ойдуңдарын, алардын тегерегиндеги тоолорду, Нарат тоосун камтыйт. Массивдин фундаментин архейде пайда болгон деп болжолдонгон эклогит, гнейс, магматит жана амфиболит тоо тектери, протерезойдун метаморфизмделген жанартоо тектери, кварцит, эффузия жана карбонат тектери түзөт. Палеозойдун жана мезозойкайнозойдун аз жана такыр метаморфизмделбеген чөкмө жана жанартоо тектери массивдин үстүикү кабатын жаап жатат. Каледон бүктөлүү системасы Түндүк Теңир-тоону эвгеосинклиналь жана миогеосинклиналга ажыраткан. Эвгеосинклиналь тилкесинде силит, диабаз, кремнийлүү тектер, граувакк, метаморфизмделген тоо тектер кеңири таралган. Миогеосинклиналдар Кара-Балта, Кара-Тоо - Талас тилкелеринде өнүккөн. Тилкелерде чөкмө тоо тектери жана кендери (фосфориттер) пайда болгон. Ордовик мезгилинде жер кыртышы көтөрүлүп, гранитоиддердин чоң интрузиялары өнүгөт.

Флиш жана моласса формациялары пайда болуп, Түндүк Теңир-тоодон Ортонку Теңир-Тоого чейин таралган. Ортонку жана жогорку палеозойдо Түндүк Теңир-тоонун кээ бир жерлери чөгүп, эпикаледон ойдундарын пайда кылган. Бул мезгилдерде континенттик жана жанартоо чөкмөлөрү, аларды жиреп чыккан майда гранитоиддер өнүгөт. Андан соң Түндүк Теңир-тооүбөлөнүп, пенепленге (платформага) айланган. Палеогендин аягынан ушул мезгилге чейин бийик тоо пайда кылуучу процесс уланып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4