Түндүк жер

Википедия дан

Түндүк жер (1926-ж. чейин Император Николай IIнин Жери) - Түндүк Муз океанындагы архипелаг.

Kapa (Карск) жана Лаптевдер деңиздеринин чек арасында. Материктен Вилкицкий кысыгы аркылуу бөлүнөт. Төрт ири - Октябрь Революциясы, Большевик, Комсомолец, Пионер жана көп майда аралдардан турат. Жалпы аянты 37,6 миң км2. Жээктери айрым жерлеринде аскалуу жана жардуу; терең фьорддор менен тилмеленген. Аймагынын жарымы муз калкандары жана кумпалары (бийикт. 965 -мге чейин) менен капталган. Арктика тундрасы басымдуу. Деңиз айбанаттарынын (нерпа, гренландия түлөнү, суу жолборс, түндүк дельфин) жатагы. Канаттуулар базары бар. Аралдарды 1913-ж. орус гидрографы Б. Вилькицкий жетектеген экспедиция ачкан.

Түндүк жер (1926-ж. чейин Император Николай Пнин Жери) - Түндүк Муз океанындагы архипелаг.

Kapa (Карск) жана Лаптевдер деңиздеринин чек арасында. Материктен Вилкицкий кысыгы аркылуу бөлүнөт. Төрт ири - Октябрь Революциясы, Большевик, Комсомолец, Пионер жана көп майда аралдардан турат. Жалпы аянты 37,6 миң км2. Жээктери айрым жерлеринде аскалуу жана жардуу; терең фьорддор менен тилмеленген. Аймагынын жарымы муз калкандары жана кумпалары (бийикт. 965 -мге чейин) менен капталган. Арктика тундрасы басымдуу. Деңиз айбанаттарынын (нерпа, гренландия түлөнү, суу жолборс, түндүк дельфин) жатагы. Канаттуулар базары бар. Аралдарды 1913-ж. орус гидрографы Б. Вилькицкий жетектеген экспедиция ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4