Түндүк өлкө (тасма)

Википедия дан
Түндүк өлкө (тасма)
Режиссеру Ники Каро
Продюсер Ник Вечлер
Жазуучу Майкл Зейцман
Оператору Крис Мэнгэс
Негизинде Class Action
автору: Клара Бингем жана Лора Лиди Ганслер
Тартылгандар
Музыкасы Gustavo Santaolalla
Редактору Девид Кулсон
Студия
Жайылтуучу Warner Bros.
Чыккан жылы Калып:Тасма датасы
Узактыгы 126 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $35 млн[2]
Киреше $25.2 млн[3]

"Түндүк өлкө" (англ. North Country, орус. Северная страна) - 2005-жылы Ники Каро тарткан америкалык драма. Башкы каармандарды аткаргандар: Шарлиз Терон, Фрэнсис Макдорманд, Шон Бин, Ричард Женкинс, Мишел Монахан, Жереми Реннер, Вуди Харрелсон жана Сисси Спейсек. Сценарийин 2002-жылы чыккан, "Eveleth Taconite Company" компаниясы менен Женсондун сот ишинин баяндаган, Клара Бингем жана Лора Лиди Ганслердин "Топтук доо: Лоис Женсондун окуясы жана сексуалдык кысым мыйзамын өзгөрткөн иш" (Class Action: The Story of Lois Jenson and the Landmark Case That Changed Sexual Harassment Law) аттуу китебинен таасири менен Майкл Зейцман жазган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1989-жыл, Жози (Шарлиз Терон) күйөөсүнүн катуу сабаганына чыдабай балдары Сэм (Том Кертис) жана Карэнди (Элле Петерсон) ээрчитип алып түндүк Миннесотадагы өз шаарына качып келип, ата-энесиникинде туруп калат. Атасы Хэнк (Ричард Дженкинс) кызы жеңил ойлуулуганан улам 16 жашында кош бойлуу болуп калган деп эсептейт жана анын бул кылыгынан уялат. Шаардын башка тургундары дагы ушундай эле ойдо болгондуктан Жозини өздөрүнө кошушпайт.

Жозинин жалгыз досу – Кайл Додж (Шон Бин), анын жубайы Глори (Фрэнсис Макдорманд) шаардагы негизги ишкана болгон жергиликтүү темир кенинде иштейт. Глория Жозини кенде иштөөгө ынандырат. Жози атасы экөө тил табыша албагандыктан, Додждор ага балдары менен үйүндө жашап турууга уруксат беришет. Жози кенде иштеген башка жумушчу аялдар - Глория, Шерри (Мишел Монахан) жана чоң Бетти (Расти Швиммер) менен бат эле тил табышып кетет. “Эркектердин” жумушун аялдар ээлегени туура эмес деп ишенген кендеги эркек жумушчулар аялдарга дайыма сексуалдык кысым көрсөтүп жана кемсинтип турушарын көрөт.

Кенде иштеген Бобби Шарп (Жереми Реннер) Жозинин мектептеги жигити болгон. Ал Жозиге тийишип баштайт. Анын асылуусун токтотуу үчүн Жози түзүлгөн абалды жетекчиликке айтат. Бирок бул кадам абалды ого бетер начарлатып, эркектер кенде иштеген аялдардын баарын кодулап башташат. Бобби Шарп баш болгон эркектердин көбү Жози менен сексуалдык катнаш түзүүгө аракет кылышат. Сексуалдык калоосун четке какканына өчөшүп, Бобби Жозинин аягы суюк, мага жабышып жүрөт деп ушак тарата баштайт. Сэмми аларга болгон мамилеге кыжырланып, энесинин аягы суюктугу тууралуу ушактарга ишене баштайт.

Жози абал тууралуу кендин ээсине арызданат. Ал мурун жардам берерин айтканы менен, Жозинин жетекчисин башка жетекчилер менен бирге чогултуп, Жозини тезинен жумуштан кетирүүнү сунуштайт. Жози кетүүдөн баш тартат, жумушундагылар аны бүлүнтүп башташат. Кийин, жумуш учурунда Боббинин зордуктоо аракетинен кийин, ал жумушунан кетет. Кайл менен Глоринин адвокат досу Бил Уайттан компанияга каршы иш ачууга жардам беришин суранат.

Билл мындай иш биринчи жолу болуп жаткандыгын жана аны утуунун негизги жолу – ал жакта иштеген башка аялдарды дагы доого кошулууга ынандырып, топтук доо берүү берүү экендигин айтат. Алар жумушчу орундарын жоготуудан жана дагы кодулоого кабылуудан коркушуп, доону колдоодон баш тартышат. Ошондой эле учурда Жози Глори Лу Геригдин склерозу менен ооруруун жана анын абалы өтө тез начарлап баратканын билет.

Элис менен Хэнк Жозинин доосу тууралуу чырлашышат. Хэнк кызын кечирүүдөн баш тартканда, Элис аны таштап кетет. Профсоюздардын жолугушуусунда Жози жумушчуларга кайрылып, эмнеге кенчилер менен соттошуп жаткандыгын түшүндүрүүгө аракет кылат. Бирок алар чуу көтөрүп, аны сүйлөтүшпөйт жана шылдыңдап башташат. Хэнк кызын колдоп, чогуу иштегендери менен Жозини жана кенде иштеген бардык аялдарды кодулагандары үчүн урушуп кетет.

Хэнкс Элис менен кайра жарашат. Сотто кен компаниясынын адвокаты, Сэмми Жози менен анын мугалими Латтаванскийдин ыктыярдуу сексуалдык катнашынан төрөлгөн деген Боббинин көрсөтмөсүнүн негизинде, сексуалдык окуяны Жозиге каршы колдонууга аракет кылат. Жози мектепте Бобби менен өбүшүп жатканын көрүп калган мугалим, аларды сабактан кийин калтырып, кийин Бобби чыгып кеткенде мугалим аны зордуктап койгондугун жана ошондон улам боюнча бүтүп, кийин Сэмми төрөлгөндүгүн айтып бергенге мажбур болот. Хэнк сотто жооп берип жаткан мугалимге кол салат. Сэмми энесине ишенүүдөн баш тартып, үйдөн качып кетет. Кайл анын көз карашын өзгөртүүгө түрткү берет. Жози менен сүйлөшкөндөн кийин Сэм энеси менен элдешет.

Эртеси Билл Боббини кайчылаш суракка алып, ал көргөнү тууралуу калп айтып жүргөндүгүн жана корккондон улам эмне кылаарын билбей калгандыгын моюнуна алдырат. Глори дөңгөлөктүү отургуч менен сотко келип, Жозини колдой тургандыгын жазуу түрүндө Кайлга окутат. Ушундан кийин башка аялдар дагы Жозинин доосун колдоп чыгышат. Аларга дагы башка аялдар, үй-бүлөө мүчөлөрү жана кенде иштегендер кошулуп, доону топтук доого айлантууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Кен компаниясы аялдарга чеккен азабы үчүн компенсация төлөөгө жана жумушчу орундагы сексуалдык кодулоога каршы саясатты киргизүүгө мажбур болот.

Саундтреги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. «North Country» Густаво Сантаолалья — 2:08
  2. «Girl of the North Country» спетая Лео Коттке — 3:33
  3. «Tell Ol' Bill» Боб Дилан — 5:08
  4. «Werewolves of London» Уоррен Зивон — 3:28
  5. «Bette Davis Eyes» Ким Карнес — 3:49
  6. «If I Said You Had a Beautiful Body (Would You Hold It Against Me)» The Bellamy Brothers — 3:17
  7. «Lay Lady Lay» Боб Дилан — 3:19
  8. «A Saturday in My Classroom» Густаво Сантаолалья — 3:46
  9. «Sweetheart Like You» by Боб Дилан — 4:37
  10. «Baby Don’t Get Hooked on Me» by Мак Дэвис — 3:05
  11. «Do Right to Me Baby (Do Unto Others)» Боб Дилан — 3:52
  12. «Standing Up» Густаво Сантаолалья — 2:43
  13. «Paths of Victory» Cat Power — 3:24

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. NORTH COUNTRY (15). British Board of Film Classification (October 18, 2005). Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2015.
  2. Box Office Mojo
  3. Box Office Mojo