Түн (чыгарма)

Википедия дан
Холокост (Лодзь, Польша).

"Түн" (англ. Night, 1960) - Холокост өзүнүн туу чокусуна жеткен мезгилде, 1944-1945-жылдары фашисттик Германиянын Аушвиц жана Бухенвальд концентрациондук лагерьлерге атасы менен барган Эли Визельдин турмуштук тажрыйбасы жөнүндөгү чыгарма. 100 беттик аңгемеде, Визель ата-эне менен балдардын ортосундагы мамилеси аркылуу Кудайдын өлүмүн жана адамзатка өскөн жийиркенүүсүн чагылдырып баяндайт. Визель эрте эле атасынын кам көрүүчүсү болот. "Ушул өлүк оордуктан кутулсам... Ошол заматта, өзүмдөн уялдым". Романда баары тескери, ар бир баалулук жокко чыгарылган. "Бул жерде ата, ага, дос деген маани жок," - деп капо (лагерь) айтат. "Ар бири өзү үчүн жашап жалгыз өлөт".

1945-жылынын апрелинде Бухенвальд Америка аскердери менен бошотулганда Визель 16 жашка толгон болот. Ал убакытка чейин атасы токмоктоп сабоодон каза табат. Согуштан кийин ал Парижге кетип, 1954-жылы идиш тилинде өз тажрыйбасын жазган 862 барактуу кол жазмасын бүтүрөт. 245 барактуу "Дүйнө унчукпас калды" (нем. Un di velt hot geshvign, англ. And the World Remained Silent) кол жазмасы Аргентинада басылып чыгат. Жазуучу Франсуа Мориак ага француз басма ээсин табууга жардам берет. Les Éditions de Minuit басмаканасы 1958-жылы 178 барактан турган романды (La Nuit) жарыкка чыгарды, ал эми 1960-жылы Hill & Wang Нү-Йорк басмаканасындан 116 барактуу роман (Night) жарыкка чыгат.

50 жыл өткөндөн кийин китеп 30 тилге которулуп, Холокост адабиятынын пайдубал китеби болуп саналат. Романдын көлөмүнүн канчалыгы мемуар болгону белгисиз. Визель романын аманаты болгонун далилдечү бирок окумушуулар анын апыртмасы бар болгонун айтышат. Адабий сынчы Рут Франклин, идиш тилинен француз тилине которулган муңду текст шедеврга айланганын белгилейт.

Түн, Таң жана Күн үчилтигинин биринчи китеби болгон Түн романы Визильдин Холокост учурунда караңгыдан жарыкка өтүүсүн белгилейт. "Ушул чыгармамда мен окуялардын соңуна келишин көрсөткүм келди", - дейт жазуучу. "Адам, тарых, адабият, дин, Кудай - баары өзүнүн аягына келди. Артта калган эч нерсе жок. Баардыгы кайтадан түн келгени менен башталат".

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]