Түп булуңу

Википедия дан

Түп булуңуЫсык-Көлдүн чыгышындагы ири булуң. Түп кыш-нан 3 км батыш тарапта. Уз. 18,2 км. Жазылыгы кире беришинде 6,6 км, төрүндө 1,2 км.

Жээк сызыгынын уз. 103,44 км. Түп синклиналынын бир бөлүгүн жайпап жатат. Булуң көп сандаган буйткалар м-н колтуктарды пайда кылган агын суу өрөөндөрү м-н тилмеленген. Буйткалар м-н колтуктардын саны 21; ирилери Кутургу, Күрмөнтү, Кошсарыбулак, Сарыбулуң ж. б. Сарыбулуң буйткасынын уз. 7 км, туурасы 200–500 м, тереңдиги киреберишинде 20 м. Таманын дээрлик кара баткак каптап, 20 м тереңдикке чейин хара балыры, жээк тилкеси ж-а буйткалардын төр жагы рдест ж. б. биомассаларга бай. Булуңга Түп суусу (жылдык орт. чыгымы 10,5 м3/сек) куят. Түп булуңунун тунуктугу чыгыш бөлүгүндө 0,3–0,5 м, ачык бөлүгүндө 2–3 м, кире беришинде 8–10 мге жетет. Түп булуңу байыркы Ысык-Көлдүн кышында тоңуучу бирден бир бөлүгү, ноябрдын аягында тоңуп, апрелдин башында муздан арылат. Жайында суусунун темп-расы 22–26°Сге жетет. Балыктардан түрпү, чабак, каңылтыр кармалат. Мындан башка тыран, кубулма кара балык ж. б. мекендейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2