Түркебеков Шамшыке
Түркебеков Шамшыке (12. 3. 1921, Суусамыр өрөөнү -1999 ошол эле жер) - согуштун жана эмгектин ардагери.
7-класс гана билими болгон. 1939-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Чита шаарында оорукта кызмат кылган.
Алгач мектепте мугалим, кийинчерээк колхоздо бухгалтер, эсепчи (учётчик) болуп иштеген. Суусамыр айыл кеңешинин жооптуу катчысы, төрагасы болуп Каба уулу Кожомкул менен бир нече жыл кызматташкан. 1956-жылдары МТСтеги май куюучу жайда, 1960-жылдары Башкы кой чарба бирикмесинде (Г00), андан кийин «Суусамыр» совхозунда 1990-жылга чейин кампачы болуп эмгектенген.
«Эмгек ардагери» медалы жана грамоталар менен сыйланган. Жаныш уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9