Түркий тилдери

Wikipedia дан

Түркий тилдери - генетикалыҡ жана типологиялыҡ жалпы белгилер менен мүнөздөлгөн жаҡын тектеш тилдердин тобу, алтай тилдеринин уясындағы тил. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер КСРБ, Румыния, Түркия, Иран, Афганстан, Моңғолстан, Ҡытай, Болгария, Югославия жана Албанияда жашайт.

Түркий тилиндеги негизги бөтөнчөлүктөр: үндүү тыбыштар таңдай жана эрин күүсү боюнча ээрчишет; ассимиляцияланат, сөз жасоо жана сөз өзгөртүү агглютинация жолу менен ишке ашат; род категориясы жоҡ, предлог ордуна жандоочтор қолдонулат; сүйлөмдө же сөз айҡашында аныҡтооч аныҡталғычтан мурда келет. Түрк тилдеринин алтай тилдерине мүнөздүү жалпылыҡты саҡтаса да, өзүнө жаҡын тектеш тилдердин (Моңғол, тунгус, манчжур) алда ҡанча бөлүнүп чыҡҡан. Өнүгүү процессинде өз алдынча диалектилер жана тилдер пайда болғон. Түрк тилдери төмөнкүдөй классификацияланат:

1) Оғуз тилдеринин тобу. Огуз түркмөн топчосу (М.Ҡашғаринин эмгектери боюнча белгилүү Х-XI кк оғуз тили; азырҡы түркмөн жана түндүк Ҡавҡаздағы түркмөн тилдери);

2) Ҡыпчаҡ тилдеринин тобу: азырҡы татар жана башҡырт тилдери, байырҡы ҡыпчаҡ тили, ҡумуҡ, ҡараҡалпаҡ, ноғой, ҡазаҡ тилдери ж.б.

3) Ҡарлуҡ тобу:
3.1) ҡарлуҡ уйғур топчосу (ҡараханийлер мамлекетинин тушундағы 10-11 қылымдағы жана андан кийинки жазма эстеликтердин тили);

4) Ҡарлуҡ-хорезм топчосу (байырҡы өзбек тили, уйғур тилдери).


Түркий тилдерин жана анын орус тили менен ҡарым – ҡатышын иликтөө байырҡы мезгилдерде эле болғон. Бироҡ түркий тилдери Орусияда жана чет өлкөлөрдө илимдин атайын объектиси ҡатары 19-ҡылымда ғана изилдене баштаған.

Белгилүү түркологдорғо: В.В.Радлов, П.М.Мелиоранский, Ф.Е.Корш, В.А.Богородицкий, Э.В.Севортян, М.Ресянен, Б.М.Юнусалиев, В.Томсендер кирет.

* Оғур тобу:

Түрк тили (тилдери) жөнүндө[оңдоо | булагын оңдоо]

М. Ҡaшғaринин 1076-1077 -ж. жaзғaн "Түрк Тили Сөз жыйнaғындa": Түрктөрдүн тилин үйрөнгүлө! Aнткени, aлaрдын шыбaғaсынa узaҡҡa созулуучу бийлик бaр! деп Xaзрaты Муxaммед пaйғaмбaрыбыз ҡыямaт-ҡaйымдын белгилерин, aҡыр зaмaндыҡ ҡозғолоңдор буйруп aйтқaн экен дегенин эшиткеним бaр дегени ҡызыҡ[1].

Қошумча[оңдоо | булагын оңдоо]

References[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Ҡырғыз Тaрыxы, Ҡaлен Сидиковa. бишкек 2007 ж. б.318