Мазмунга өтүү

Түркмөнабад

Википедия — ачык энциклопедия

Түркмөнабад (туркм. Türkmenabat) – Түркмөнстандандын чыгышында жайгашкан жана элдин саны боюнча экинчи чоң шаар. Шаар Лебап велаятынын административдик борбору (мурунку Чаржоу областы). Ал Аму-Дарыянын сол жээгинде, мамлекеттин борбору Ашхабаддан 470 км түндүк-чыгышта жайгашкан[1]. 2022-жылга карата калкынын саны болжол менен 231 000 адамды түзгөн (1989-жылдагы эл каттоодо 161 000ден көп).

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардын азыркы аталышы – Түркмөнабад, бирок Түркмөнабат формасы да колдонулат. Шаардын мурунку аталышы, Чаржоу (туркм. Çärjew, Чәрҗев), шаар Чаржоу деп XV кылымдын аягынан 1924-жылга чейин жана 1927-жылдан 1940-жылга чейин аталган[2]. Чаржоу фарс тилиндеги chahârjuy (چهارجوى) сөзүнөн алынган, ал "төрт агым" дегенди билдирет. Мындай аталыш Иранда да кеңири таралган, мисалы, Се Жуй ("үч агым") айылы. Шаардын азыркы аталышы "түркмөн" деген сөздөн жана фарс тилиндеги âbâd (آباد) мүчөсүнүн айкалышынан келип чыгат, бул "жашаган жер" дегенди билдирет. Шаардын байыркы аталышы – Амул.

Заманбап өнөр жай шаар болгон Түркмөнабаддын тарыхы 2000 жылды камтыйт. Байыркы убакта ал Амул (Ирандын Амол шаары эмес) деп аталган. Аму-Дарыя дарыясы ушул байыркы шаардын атынан коюлган Амул дарыясын билдирет деп айтылат. Түркмөнабад Улуу жибек жолунун Бухарага, Кыйбага (Хива) жана Мервге алып баруучу үч жолунун кесилишиндеги түйүн болгон. Кылымдар бою Амул өзбек феодалдык хандыгынын (кийинчерээк эмират) Бухаранын маанилүү шаары болгон.

Орусия империясы Орто Азия Түркстанын аннексиялай баштаганда, Бухара эмираты тарабынан Амул орустарга багынып берилген, кийинчерээк ал Россиянын вассалы болуп, орус императоруна берилгендикке ант берген. Заманбап шаар 1886-жылы орус-казактары (козактар) азыркы Түркмөнабаддын чыгыш бөлүгүндөгү Уралкага отурукташып, алардын конушун Жаңы-Чаржоу деп аташканда негизделген. Бул жерге отурукташуу Транскаспий темир жолунун курулушун аяктоо үчүн зарыл болгон.

1917-жылдагы орус революциясынан кийин, большевиктер бийликке келгенден кийин, коммунисттер Россия империясынын мурдагы Орто Азия облустарын жана мурдагы Хива (Хорезм) жана Бухара хандыктарын улуттар негизинде республикаларга бириктиришкен. 1924-жылы Түркмөнабад (ал кезде Чаржуй деп аталган) шаарынын отурукташкан калкы негизинен өзбектер болгон. Бирок ал кезде түркмөндөр көбүнчө көчмөн эл болгондуктан, сунушталган Түркмөн ССРинин советтик экономикалык жана индустриалдаштыруу пландары салыштырмалуу чоң базалык шаарды талап кылган; ошондуктан шаар жаңы түзүлгөн Түркмөн Советтик Социалисттик Республикасына өткөрүлүп берилген.

Темир жол түйүнү жана Аму-Дарыя аймагынын көп түшүмдүүлүгү аны өлкөнүн түндүк-чыгыш аймагындагы айыл чарба продукцияларынын негизги соода борборуна айландырган. Шаарда тамак-аш кайра иштетүүчү, текстиль (пахта кайра иштетүү жана жибек) фабрикалары бар. Советтер Союзу учурунда Чаржоу Түркмөнстандын өнөр жай жана транспорт борбору болгон, бирок Түркмөнстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери бул жумуш орундарынын жана транспорт мүмкүнчүлүктөрүнүн көпчүлүгү Ашхабадга көчүрүлгөн же жабылган.

Tasinlikler meýdançasy — улуттук майрамдарды майрамдаган парк. Түркмөнабад базарлары менен белгилүү[3]. Эң чоң базар "Дүйнөлүк базар" (түркмөнчө: Dünýa bazar). Башка белгилүү базарлар - Көк базар (Gök bazar) жана Борбордук базар (Merkezi bazar). Өлкө боюнча адамдар жергиликтүү, кытай, түрк, өзбек жана орус товарларын сатып алуу үчүн Түркмөнабадга келишет. Дүйнө базарында зер буюмдар, тиричилик техникалары, кийим-кече, сүт азыктары жана автоунаалар сыяктуу көптөгөн бөлүмдөр бар.

  1. Silk Road Adventures, "Туркменабад город. Туристские достопримечательности Туркменабада":https://silkadv.com/en/content/turkmenabad-gorod (22-ноябрь, 2025-ж.каралган)
  2. Азаттык Үналгысы, "Жер-суу аталыштары: Түркмөнстандын өрнөгү ойлонтту": https://www.azattyk.org/a/central-asia_turkmenistan_toponym_kyrgyzstan_blog/28906851.html (9-декабрь, 2017-ж.)
  3. Vadim Ismakaev "Türkmenabat". (7 November 2017).