Түркстан

Википедия дан

Түркстан"Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосунда кыргыздар жана ага жамаатташ элдер мекендеп турган жер катары айтылат:

Кылым кыргыз эл деген,

Түп атасы булардын

Түркстанды жердеген,

Азып-тозуп ар жакка

Андан бери келбеген (Сагымбай Орозбаков, 2. 81-8-).

Манас Т-ды душмандардан бошото баштаганы мындайча сүрөттөлөт:

Атамдын жерин бергин деп

Алтайлык келип калганы,

Алар түйшүк салганы,

Артыкча доолап асылып

Манас келип калганы (Сагымбай Орозбаков, 2. 227).

Географиялык реалияда эзелден бери түрк элдери жашаган азыркы Орто Азия, Түштүк Казакстан, Шинжан жана Ооганстандын түн. бөлүгүн камтыган тарыхый-географиялык аймак. Валиханов жазып алган эпизод Казакстандын Чымкент облусуна караштуу шаар (Түркстан) жөнүндө эскерилет: "Кече Түркстан карай чапканда" ("Ала-Тоо", 1979, № 7, 75-б.).

колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4