Түркстан Советтик Социалисттик Автономиялуу республикасы

Википедия дан

Түркстан Советтик Социалисттик Автономиялуу республикасы (ТАССР) - Орто Азиядагы биринчи советтик мамлекет; РСФСРдин курамындагы автономиялуу түзүлүш.

ТАССРи Советтердин 5-крайлык съездинин (30. 4.-1. 5. 1918) чечими менен түзүлүп, ошол эле жылдын 514-октябрда өткөн Түркстан Республиканын чукул чакырылган 6-съездинде Конституциясы кабыл алынган. Борбору Ташкент ш. болгон. 1918-ж. жаздан баштап ТАССРдеги негизги ө.-ж. тармактары (пахта тазалоо, май чыгаруу, тоо-кен ж. б.), банктар, темир жолдор мамлекеттештирилген. Жарандык согуштун мезгилинде (1918- 20) ТАССР РСФСРден белүнүп, Түркстан Кызыл Армиясы түзүлгөн. 1919-ж. 11-августта түзүлгөн Туркстан фронтунун активдүү аракетинин негизинде курчоодо калуу коркунучу жоюлган (1919, сентябрь). 1920-жылдагы эл каттоо боюнча ТАССРинин калкынын саны 5230 миң киши (казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн, каракалпак, орус ж. б.) болгон.

Калктын дээрлик 85% и айылда жашап, республиканын бардык продукциясынын 2/3 бөлүгү айыл чарбасына тиешелүү болгон. Эл чарбасын өнүктүрүү боюнча атайын чаралар көрүлүп, Түркстан Советтеринин 9-съездинде (19-24-сентябрь, 1920) ТАССРинин жаңы Конституциясын кабыл алып, Түркстан ССРи (ТССРи) болуп аталып калган. Ага болыыевиктердин улуттардын өз тагдырын өзү чечүү принцибин колдоо убадасына ылайык Түркстан КПнын V (18-январь, 1920) жана коммунист-мусулмандардын III крайлык конф-ялары (ошондой эле жыл, февраль) сунуш кылган крайдагы партиялык уюмдардын ордуна бирдиктүү «Түрк компартиясын» түзүү, РСФСРдин карамагында Түрк Советтик Республикан уюштуруу маселесинин (Т. Рыскуловдун программасы) күчөп чыгышы себеп болгон. Түркстан комиссиясынын таасирдүү мүчөлөрү Я. Рудзутак менен М. Фрунзе бул маселеге чечкиндүү түрдө каршы чыккан жана анын негизинде Т. Рыскуловдун программасы катуу сындалып, 1920-ж., 8-мартта РКП(б) БК «Түркстан автономиясы жөнүндө» жаңы жобону бекиткен. Бирок жобого каршы турган Түркстан АССРинин жетекчилиги май айында Т. Рыскулов, Г. Бех-Иванов, С. Турсунхожоев, Н. Хожаевдерден турган делегацияны Москвага жиберген. Алар крайда саясий реформа жүргүзүү, үч бийликтин (Түркстан АССРи, Түрккомиссия, Түркфронтунун Революциялык Аскердик совети) жоюлушун талап кылып, финансы, байланыш (темир жол, почта, телеграф), коргонуу, тышкы иштер жана тышкы сооданы Түркстан БАКтын кол алдына өткөрүү маселесин коюшкан. Делегаттардын сунушу жана В. И. Лениндин кошумча сын-пикирлерин эске алуу менен Түркбюронун мурунку «Түркстандагы биздин милдеттер », «Түркстандагы бийликтин уюшулушу», «Түркстандагы партиялык курулуштар» жөнүндөгү токтомдорун негиз кылып, РКП(б) БКнын Саясий бюросу 29-июнда жаңы токтом кабыл алган. Бирок негизги маселенин бири болгон «Түрк компартиясы», Түрк Советтик Республикан түзүү сунуштары кабыл алынбай, тескерисинче Түркстан БАКтын мурунку Президиуму, ЭКС, Түркстан крайкомунун кээ бир мүчөлөрү кызматынан бошотулган (к. РКП(б) ВКнын «Түркстандагы негизги милдеттер жөнүндө» токтому). Ушул мезгилден баштап крайдагы еаясий бийлик большевиктердин колуна топтолгон. 1924-ж. 27-октябрда ОртоАзиянын улуттук мамлекеттик бөлүнүшүнө байланыштуу ТССРи жоюлуп, анын аймагында Өзбек ССРи, Түркмөн ССРи, Тажик АССРи (Өзбек ССРинин курамында), Kapa КыргызАОсу (РСФСРдин курамында), Каракалпак автономиялуу обл. (Казак АССРинин курамында) түзүлгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4