Мазмунга өтүү

Түркстан аскер округу

Википедия — ачык энциклопедия

Түркстан аскер округу - Орто Азия жана Казакстан аймагындагы Россия империясынын жана СССРдин аскердик-күчтөрүнүн оперативдүүстратегиялык бирикмеси.

Алгач 1864-ж. кабыл алынган «Аскер округдарын башкаруу жөнүндө» жобонун негизинде түзүлүп, алгачкы командачысы болуп К. П. фон Кауфман дайындалган (1867-82). Совет бийлиги орноп, ТүркстанАССРнин түзүлүшүнө байланыштуу 4. 5. 1918-ж. кайрадан Түркстан аскер округу уюштурулган. 7. 3. 1920-ж. округ 2-жолу таркатылып, анын милдети Түркстан фронтуна жүктөлгөн. СССРдин Революциялык-аскер Кеңешинин 4. 6. 1926-ж. буйругу менен Түркстан фронту жоюлуп, анын ордуна Орто Азия аскер округу негизделген (1926-45). 1940-жылдан ага Казак, Кыргыз, Тажик, Түркмөн, Өзбек ССРлеринин аймагы кирген. 1945-92-ж. Талаа жана Түркстан аскер округу аталып, 30. 6. 1992-ж. биротоло жоюлган. Анын аскерлери ак гвардиячылар менен чет элдик интервенттерди талкалап. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында эрдик менен салгылашкан. Т. а. о-нун командачылары: M. В. Фрунзе (1919-20); И. Е. Петров (1945-52); Н. Г. Лященко (1965-69); С. Е. Белоножко (196978) ж. б.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4