Түркстан комиссиясы

Википедия дан

Түркстан комиссиясы. Бүткүл россиялык Борбордук аткомунун, РСФСР Эл комиссарлар советинин жана РКП(б) БКнын Түркстан иштери боюнча бюросунун чечими менен 1919-жылы 8-октябрда түзүлгөн. Комиссиянын курамына Ш. З. Элиава (төрага), М. В. Фрунзе, В. В. Куйбышев жана башка партиялык, мамлекет ишмерлер кирген.

Түркстан комиссиясы граждандык согуштун мезгилинде Совет бийлигин чыңдоо, партиялык уюмдарды куруу жана бекемдөө максатында иш алып барган. Кийинчирээк чарбалык жана маданий курулуш маселелерин чечүү боюнча да иш жүргүзгөн. РКП(б) БКнын 1922-жылы 16-августтагы чечимине ылайык бул комиссия 1923-жылы мартта жоюлган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]