Мазмунга өтүү

Түркөбай уулу Абак

Википедия — ачык энциклопедия

Түркөбай уулу Абак (1841-1916, азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району) - комузчу.

Чоң атасы кыргыз, казак элдерине чечендиги, олуялыгы менен кенири белгилүү кадимки Тилекмат чечен болгон. Жаш чагынан Капалдын, Кашкулактын, Байгазынын, Серкебайдын, Боккөтөндүн, Майлыбайдын, Кудайбергендин ж. б. күүлөрүн чебер черткен. Анын «Абактын кашка аргымагы», «Абактын арманы», «Абактын кайрыгы», «Абак» деген күүлөрү бар. Алар Карамолдонун, Ыбырайдын, Муратаалынын, Асылбектин, Асанаалынын, Бектурсундун ж. б. аткаруусунда Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын алтын фондуна жазылып алынган.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4