Түркий тилдери

Wikipedia дан
(Түрк тилдериниң жакындыгы барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Түрк тилдери — генетикалык жана типологиялык жалпы белгилер менен мүнөздөлгөн жакын тектеш тилдердин тобу, алтай тилдеринин уясындагы тил. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер КСРБ, Румыния, Түркия, Иран, Ооганстан, Моңголстан, Кытай, Болгария, Югославия жана Албанияда жашайт.

Түркий тилиндеги негизги бөтөнчөлүктөр: үндүү тыбыштар таңдай жана эрин күүсү боюнча ээрчишет; ассимиляцияланат, сөз жасоо жана сөз өзгөртүү агглютинация жолу менен ишке ашат; род категориясы жок, предлог ордуна жандоочтор қолдонулат; сүйлөмдө же сөз айкашында аныктооч аныкталгычтан мурда келет. Түрк тилдеринин алтай тилдерине мүнөздүү жалпылыкты сактаса да, өзүнө жакын тектеш тилдердин (Моңгол, тунгус, манчжур) алда канча бөлүнүп чыккан. Өнүгүү процессинде өз алдынча диалектилер жана тилдер пайда болгон. Түрк тилдери төмөнкүдөй классификацияланат:

1) Огуз тилдеринин тобу. Огуз түркмөн топчосу (М.Кашгаринин эмгектери боюнча белгилүү Х-XI кк огуз тили; азыркы түркмөн жана түндүк Кавказдагы түркмөн тилдери);

2) Кыпчак тилдеринин тобу: азыркы татар жана башкырт тилдери, байыркы кыпчак тили, кумук, каракалпак, ногой, казак тилдери ж.б.

3) Карлук тобу:
3.1) карлук уйгур топчосу (караханийлер мамлекетинин тушундагы 10-11 қылымдагы жана андан кийинки жазма эстеликтердин тили);

4) Карлук-хорезм топчосу (байыркы өзбек тили, уйгур тилдери).

Түрк тилдерин жана анын орус тили менен карым–катышын иликтөө байыркы мезгилдерде эле болгон. Бирок түрк тилдери Орусияда жана чет өлкөлөрдө илимдин атайын объектиси катары 19-кылымда гана изилдене баштаган.

Белгилүү түркологдор: В.В.Радлов, П.М.Мелиоранский, Ф.Е.Корш, В.А.Богородицкий, Э.В.Севортян, М.Ресянен, Б.М.Юнусалиев, В.Томсендер

Классификация[оңдоо | булагын оңдоо]

Түрк тили (тилдери) жөнүндө[оңдоо | булагын оңдоо]

М. Кaшгaринин 1076-1077 -ж. жaзгaн "Түрк Тили Сөз жыйнaгындa": Түрктөрдүн тилин үйрөнгүлө! Aнткени, aлaрдын шыбaгaсынa узaккa созулуучу бийлик бaр! деп Xaзрaты Муxaммед пaйгaмбaрыбыз кыямaт-кaйымдын белгилерин, aкыр зaмaндык козголоңдор буйруп aйтқaн экен дегенин эшиткеним бaр дегени кызык[1].

Кошумча[оңдоо | булагын оңдоо]

References[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Кыргыз Тaрыxы, Кaлен Сидиковa. бишкек 2007 ж. б.318