Түрк тили
| Түрк тили | |
| | |
| Расмий аталышы: |
Türk dili, Türkçe |
|---|---|
| Өлкөлөр: | |
| Аймактар: |
|
| Расмий статусу: | |
| Көзөмөлдөөчү уюум: |
Түрк тил коому |
| Колдонгондордун жалпы саны: |
~77 млн |
| Рейтинги: |
21 |
| Статусу: |
коопсуздукта |
| Классификациясы | |
| Түрмөгү: |
Евразия тилдери |
| |
| Тилдер коду | |
| ГОСТ 7.75–97: |
тур 693 |
| ISO 639-1: |
tr |
| ISO 639-2: |
tur |
| ISO 639-3: |
tur |
Түрк тили (Türk dili, Türkçe) — Түштүк-Чыгыш Европа жана Батыш Азияда колдонулган, түрк тилдери үй-бүлөсүнө кирген агглютинативдик (мүчөлөр уланмалуу) тил. Ал түрк тилдеринин огуз тобуна кирген Осмон түрк тилинин уландысы болуп саналат. Бул тил негизинен Түркияда, ошондой эле Балкан өлкөлөрүндө, Эгей аралдарында, Кипрде жана Жакынкы Чыгышта — мурдагы Осмон империясынын аймактарында колдонулат. Ethnologue маалыматы боюнча, түрк тилинде 91,3 миллион адам сүйлөйт жана дүйнөдө эң көп колдонулган 20 тилге кирет. Түрк тили Түркияда, Түндүк Кипрде жана Кипр Республикасында расмий мамлекеттик тил макамына ээ.
Түрк тили башка көптөгөн түрк тилдери сыяктуу эле агглютинативдик түзүлүшү жана үндөштүк мыйзамы (сингармонизм) сыяктуу грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен мүнөздөлөт. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн тартиби адатта: ээ — толуктооч — баяндооч түрүндө болот. Сөздөрдүн бир бөлүгү араб, фарс жана француз тилдеринен кирген. Ошондой эле түрк тили азербайжан, гагауз жана түркмөн тилдери сыяктуу башка огуз тилдерине абдан окшош келет.
Түрк тили 1928-жылы Ататүрктүн жетекчилиги алдында болгон реформанын негизинде латын алфавитине өткөн. Стандарттык түрк тилинин жазуу эрежелери Түрк тил мекемеси (TDK) тарабынан көзөмөлдөнөт. Түрк тилинин стандарттык формасы жана адабий тили Стамбул диалектисинде негизделген. Ошону менен бирге, Түштүк-Чыгыш Европа жана Жакынкы Чыгышта ар кандай диалектилер бар, алар Стамбул диалектисинен тыбыштык жана грамматикалык жактан айырмаланат.
Түрк тили Түркиядагы 60 миллион адамдын же өлкө калкынын дээрлик 80% эне тили болуп саналат. Түрк тили Кипрде 177 000 адамдын жана Грекияда 128 000ге жакын адамдын эне тили деп эсептелет[1].
Түрк тили месхет түрктөрүнүн дагы эне тили болуп саналат. Болгарияда 740 000ге жакын адам түрк тилинде, ал эми Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Азербайжанда 37 000 адам түрк тилинде сүйлөйт[1][2].
1984-жылга чейин Бельгиядагы 64 000 жакын адам, ал эми Австрияда 170 000 жакын адам түрк тилин эне тил катары колдонушкан. Германияда 2,8 миллион түрк улутундагы адамдар жашайт, алардын жарымы ал жерде төрөлгөн эмес жана түрк тилин өздөрүнүн эне тили деп эсептешет[3].
1982-жылы Румынияда 14 000 адам, ал эми Югославияда 250 000 адам түрк тилинде сүйлөгөн. 1990-жылы Иракта болжол менен 3000, ал эми Иранда 2500гө жакын түрк тилдүү адам болгон. 1970-жылы АКШда 24 000 түрк тилдүү адам болгон, ал эми 1974-жылы Канадада 8000 ашык адам түрк тилин эне тили деп эсептеген. 1984-жылы Францияда болжол менен 135 000 адам, ал эми Нидерландда 150 000 адам түрк тилин эне тили деп эсептеген. 1988-жылы Швецияда болжол менен 5000 түрк тилдүү адам катталган. 2009-жылы, ар кандай эсептөөлөр боюнча, дүйнөдө түрк тилинде 61–63 миллиондон 73 миллионго чейин адам сүйлөгөн[4], бул бардык түрк тилдүү адамдардын жалпы санынын болжол менен 40% түзөт жана түрк тили бардык түрк тилдеринин арасында сүйлөгөндөрдүн саны боюнча биринчи орунда турат.
Ариптери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]X кылымда огуздар ислам динин кабыл алып, перстерден алынган бир нече символдорду кошуу менен араб жазмасын кабыл алышкан, бирок бул алфавит түрк тилинин бүтүндөй фонемалык курамын жеткирүүгө өтө начар ылайыкташкан.
Кемел Ататүрк 1926-жылдын башында Баку шаарында өткөн түркологдордун съездине катышып, анда түрк тилдерин латын алфавитине которуу талабын айткан.
1928-жылдан бери түрк тилинде латын алфавитин колдонулуп келет. Латын алфавитин түрк тилине ылайыкташтырууда Ататүрк дагы катышкан.
| A a | B b | C c | Ç ç | D d | E e | F f |
| G g | Ğ ğ | H h | I ı | İ i | J j | K k |
| L l | M m | N n | O o | Ö ö | P p | R r |
| S s | Ş ş | T t | U u | Ü ü | V v | Y y |
| Z z | ||||||
| Тамга | Фонема |
|---|---|
| a | [a] |
| b | [b] |
| c | [ʤ] |
| ç | [ʧ] |
| d | [d] |
| e | [e] |
| f | [f] |
| g | [g], [ɟ] |
| ğ | ([ɰ]), [ː], [j] |
| h | [h] |
| ı | [ɯ] |
| i | [i] |
| j | [ʒ] |
| k | [k], [с] |
| l | [l] |
| m | [m] |
| n | [n] |
| o | [o] |
| ö | [œ] |
| p | [p] |
| r | [ɾ] |
| s | [s] |
| ş | [ʃ] |
| t | [t] |
| u | [u] |
| ü | [y] |
| v | [β]/[w], [v] |
| y | [j] |
| z | [z] |