Түс –

Wikipedia дан

Түс – атайын мааниде – 1) предметтик дүйнөнүн материалдык сапаттарын (жарык шаңы менен бирдикте) чагылдырган, көркөм сүрөт өнөрүнүн негизги каражаттарынын бири; 2) мотив же көркөм чыгармалык ансамблдеги өзүнчө турган түстүк, тондук сапаты. Натурадагы жергиликтүү Т-түн өзгөрүүлөрү жарык, форма, материал, аралыктык өзгөрүүлөргө так дал келүү менен, натыйжада, жарык шаңы менен тыгыз биримдикте мына ушул объективдүү дүйнөнүн бүт касиеттерин чагылдырып беришет. Ошондуктан көркөм искусстводо Т. көлөмдүү жана мейкиндиктик моделдөө каражаттарынын бири катары реалдуу чөйрөдө реалдуу предметтерди туура сүрөттөөгө кызмат кылат. Анткен менен сүрөтчү натуранын түстүк түрлөрүн тике көчүрбөйт. Живопистеги предметтик-сүрөттөөчү жак маанилүү жана баштапкы бойдон кала берет жана Т-түн ролун чектебейт. Т. аркылуу сүрөтчү көркөм форманын башка элементтери сыктуу эле маанилүү жана мүнөздүү нерселерди ачып көрсөтөт, ал Т-тү композициялык фактор катары пайдаланат жана аны көркөм мүнөздөөдө жана башка кошумча каражат катары колдонот. Живописте Т-түн эмоционалдуу таасири зор жана көп түрдүү. Кеңири мааниде – Т. термини көбүнчө мазмуну боюнча колорит түшүнүгү менен жакындашып кетет. Мотивдеги жана чыгарманын ансамблдеги өзүнчө алынган түстүк түрдүк артыкчылыгы менен касиеттери көбүнчө коңшулаш түрлөрдүн ачык-айкын жана чыныгы өз ара байланышына көз каранды. Түрлөрдүн өз ара таасир берүүсүндө кошумча түстөр жана жылуу түрлөр (саргыч, кызыл, кызгылтым) менен муздак (көгүлтүр, көгүш, сыя көк) түрлөр­дүн ортосундагы түстүк контраст принциби чоң роль ойнойт. Жетилген реалисттик көркөм искусстводо түстүк түр андагы жарык шаңдык түрдөн ажырагыс; чыныгы жарык шаңдык катыштын негизинде гана түстүк түрлөрдүн ар биринин толук кандуулугу жана күчү көрүнөт, к. Жарык шаңы макаласын. Т-тү түшүндүрүүнүн терең жана көп кырдуу үлгүлөрүн улуу реалисттер Тициан, Репин, Суриков, Веласкестин чыгармачылыгында көрсөк болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]