Түшкүн

Википедия дан

Бул камчы өрүм. Анын узуну 34— 36 см болуп, муну өрүүдө өрүмчүлөр чеберчиликтен — чеберчиликке көтөрүлөт. Түшкүндү бекитүү өтө жооптуулукту талап кылат. Түшкүндүн чачысынын алдынан, ортосунан жана учунан өрүмү жанбас үчүн чеберлер өзүнчө түйүм берет. Анын узуну 2,5—3 см болот. Мындай камчылар абдан карылуу, камчыланууга да бышык келет. Аны камчынын «сокмогу» деп да атайт. Сокмокко койдун корголундай коргошун түйүп бекиткен усталар да бар.

Мыкты камчыны «булдурсун» деп коет. Аны көбүнчө жоокерчиликте камчылана турган. Ал берки камчыларга караганда түшкүнү да чоң болот. Элик сап, тобулгу сап камчылары кол жеткиздей шөкөттөө менен бирге ага «кош түшкүн» чыгарган чеберлер да жолугат. Айрым жерлерде булдурсун үчүн торпоктун же койдун боор терисинен көк кылып тилип, бекем тартып алып, бир көктү эки тал көктүн арасынан өткөрүп отурат. Анда оң тарабынан да, сол тарабынан да бир көк эки көктүн арасынан өтүп отурат. Түшкүндү кидергиге (сыдыргыга) самындап тартканда тегиз төрт кыр көрүнүп, ал эч качан жанбайт. Түшкүндүн өрүмү өзгөрбөйт. Айтымында, жердеги тебетейин камчы менен илип алганда түшкүнү(өрүмү) ийилип коюучу эмес экен, көк канчалык ипичке тилинсе, көк ошончолук сыйда көрүнөт. Кылдат чеберлер түшкүндүн жанбашы үчүн камчы чачысынын түбүнөн, ортосунан жана учунан түйүм чыгарышкан.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)