Түркстан облусу (Казакстан)

Wikipedia дан
(Түштүк-Казакстан областы барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Түркстан облусу
каз. Түркістан облысы
Белгиси
Белгиси

Түркстан облусу картада

Өлкө:

Казакстан

Абалы:

Облус

Курамында:

11 район

Акимий борбору:

Түркстан

Түзүлгөн убакыты:

10-март, 1932-жыл

Акими:

Өмүрзак Шөкеев

Ырасмый тилдери:

Казак, Орус

Калкы (2018):

1 973 331[1] (2-чи орун)

Жыштыгы:

16,97 адам/км²

Улуттук курамы:

казактар (72,90 %)
өзбектер (17,18 %)
орустар (4,40 %)
тажиктер (1,26 %)
башкалар (4,26 %)[2]

Жер аянты:

116 280 км²

Саат алкагы:

UTC+6

ISO 3166-2 коду:

KZ-YUZ

Телефон коду:

+7 725х xx-xx-xx

Почто индекстери:

16 xxxx

Унаа коду:

13

Ырасмый сайты
Commons-logo.svg Түркстан облусу Уикиказынада

Түштүк Казакстан облусу - Казакстандагы адм.-айм. бирдик.

Облус болуп 1932-ж. 10мартта уюшулган. 1962-жылдын 3-майына жана 1992-жылдын 6-июлуна чейин Чымкент обл., учурда азыркыдай аталат. Аянты 117,2 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 4,3%и). Калкы 2,7 млн (2013); негизинен казактар (72%), ошондой эле өзбек, орус, азербайжан, тажик, түрк, корей, күрд, украин, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 117,2 киши. Адм. борбору - Чымкент ш.

Ири шаарлары: Чымкент, Түркстан, Кен-Тоо. Облустун аймагынын көпчүлүк бөлүгүн түздүк, түндүгүн Бетпак-Талаа чөлү, эң четки түштүгүн Ач талаа (Мырза-Чөл), ортонку бөлүгүн Кара-Тоо (эң бийик жери - Беш-Саз чокусу; 2176 м), түштүк-чыгышын жана батышын Талас Ала-Тоосу, Угаж кырка тоосу ээлейт. Ири дарыялары - Сыр-Дарыя (куймалары: Көөлөш, Куру-Көөлөш, Арыс) жана Чүй. Полиметалл (КенТоо шаарынын аймагында), темир кендери (КараТоо кырка тоосунда) казылып алынат. Сугат дыйканчылыгы басымдуу. Дан эгиндери, пахта (мол түшүм алса болот), шалы эгилет. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Уй, кой (негизинен каракөл), эчки, чочко, жылкы асыралып, үй куштарынан негизинен күрп багылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • 2018-жылдын башынан 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки Казакстан Республикасынын калкынын санынын өзгөрүү тууралуу. Казакстан Республикасынын Улуттук Экономика министрлигинин Статистика комитети. Текшерилген күнү 3 Январь (Үчтүн айы) 2019.
  • 2018-ж. Казакстан Республикасынын калкынын жеке этностору боюнча саны