Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму

Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму (СЕАТО), Маниль пактысы - 1955-77-ж. Азия-Тынч океан регионундагы өлкөлөрдүн согуштук-саясий блогу.
СЕАТО уюму 1954-ж. 8-сентябрда Манила шаарында негизделген. 1959-ж. СЕАТОнун герби жана желеги кабыл алынган. АКШнын демилгеси менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы улуттук-боштондук кыймылга жана бардык прогрессчил күчкө каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. СЕАТОнун курамына: Австралия, Улуу Британия, Жаңы Зеландия, Пакистан (1973жылга чейин), АЕСШ, Таиланд (1975-жылга чейин), Филиппин, Франция өлкөлөрү кирген. СЕАТОнун өнөктөшү - Түштүк Корея, Түштүк Вьетнам. Уюмдун жогорку органы - Министрлер туруктуу органы - Генералдык секретарь башкарган Өкүлдүк кеңеши. Штаб-квартирасы Бангкокто (Таиланд) жайгашкан. СЕАТОдо аскер-деңиз, аскер-аба жана кургактагы аскер манёврлары өткөрүлүп турган. Түштүк-Чыгыш Азиядагы демократиялык күчтөрдүн жалпы чыңдалыш шарттарында Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму 1977-ж. 30-июнда формалдуу түрдө таратылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
![]() |
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Азия өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Азербайжан1 • Армения • Бангладеш • Бахрейн • Бириккен Араб Эмирликтери • Бруней • Бутан • Вьетнам • Грузия1 • Жапония • Израиль • Индия • Индонезия3 • Иордания • Ирак • Иран • Йемен2 • Казакстан1 • Камбожа • Катар • Кипр1 • Кыргызстан • Кытай • Корей Эл-Демократиялык Республикасы • Түштүк Корея • Кувейт • Лаос • Ливан • Малайзия • Мальдив • Мисир2 • Моңголия • Мьянма • Непал • Оман • Ооганстан • Орусия4 • Өзбекстан • Пакистан • Сауд Арабиясы • Сингапур • Сирия • Тажикстан • Тайланд • Түркмөнстан • Түркия4 • Филиппин • Чыгыш Тимор • Шри-Ланка | ![]() |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Абхазия • Түштүк Күрдстан • Палестина • Тайвань • Түндүк Кипр • Түштүк Осетия | |
Көз каранды аймактар | Акротири жана Декелия • Гонконг • Макао | |
1Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, жарым-жартылай Европада же толугу менен Азияда. 2Ошондой эле Африкада. 3Ошондой эле Океанияда. 4ошондой эле Европада. |