Түштүк Корея вону
| Вон (кырг.) | ||
|---|---|---|
|
Won (аңгл.) | ||
|
| ||
| Коддор жана белгилер | ||
| ISO 4217 коддору | KRW (410) | |
| Символдор | ₩ жана 원 | |
| Жүгүртүү чегарасы | ||
| Эмитент | ||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | ||
| Бөлчөктүү | Чон (1⁄100) | |
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | ||
| Монеталар | 1, 5, 10, 50, 100, 500 вон | |
| Банкноттор | 1000, 2000, 5000, 10 000, 50 000 вон | |
| Тарыхы | ||
| Киргизилди | 15.08.1945 09.06.1962 | |
| Мурда колдонулган валюта | Корея иенасы Түштүк Корея хваны | |
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | ||
| Эмиссиялык борбор | Корея банкы | |
| www.bok.or.kr | ||
| Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | ||
| 1 KGS | = 17,07 KRW | |
| 1 USD | = 1 094 KRW | |
| 1 EUR | = 1 156 KRW | |
| 1 GBP | = 1 600 KRW | |
| 1 JPY | = 9,078 KRW | |
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | ||
| 2025-жылдык инфляция | ||
| Инфляция | 2,4% | |
Түштүк Корея вону (кор. 원) — Корея Республикасынын расмий акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — KRW, сандык коду — 410. Расмий белгиси — ₩ жана 원, эмитенти — Корея банкы. Бир вон 100 чондон турат.
1000, 2000, 5000, 10 000 жана 50 000 вон банкноттору жана 1, 5, 10, 50, 100, 500 вон монеталары жүгүртүүдө. 1 жана 5 вон монеталары сейрек кездешкендиктен, соода-сатыкта эсептөөлөр 10 вонго чейин тегеректелет.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Корея Түштүк жана Түндүк болуп экиге бөлүнгөн. Ошол эле жылы жаңы акча бирдиги — вон киргизилген[2].
Алгач корея вонунун курсу АКШ доллары байланып, валюта курсу 1 доллар 15 вонго барабар деп белигиленген. Бирок кийин бир катар девальвациялар болуп, алардын айрымдары Корей согушу менен байланыштуу болгон.
1951-жылга карата вондун курсу олуттуу арзандап, 1 доллардын наркы 6000 вонго жеткен. Бул көйгөйдү чечүү максатында 1953-жылы хван аталышындагы жаңы валюта жүгүртүүгө киргизилип, жаңы валюта 1 хван = 100 вон катнашында алмаштырылган.
Вон кайрадан 1962-жылдын 9-июнунда жүгүртүүгө киргизилген. Ал кездеги акчаны алмаштыруу курсу 1 вон = 10 хван деп бекитилген. 1975-жылдын 22-мартында хван жүгүртүүдөн алынгандан кийин вон өлкөдөгү жалгыз расмий төлөм каражатына айланган. Ошондо ага ISO 4217 боюнча KRW коду ыйгарылган. 1962-жылы вон кайра киргизилген учурда анын курсу жасалма түрдө АКШ доллары менен 1 доллар = 125 вон катнашында белгиленген. 1962–1980-жылдар аралыгында бул курс бир нече жолу өзгөртүлгөн[2].
Ошол кезде 1/100 вонго барабар болгон «чон» (전, 錢) аттуу майда монеталар да жүгүртүүгө чыгарылган, бирок вон арзандап кеткендиктен колдонулбай калган.
1980-жылдын 27-февралынан тартып валюта курсун эркин айлантууга өткөрүү боюнча иш-чаралар көрүлө баштаган. 1997-жылдын 24-декабрында Эл аралык валюта фонду менен келишимге кол коюлгандан кийин вон эркин айланган валютага айланган. Ошол эле жылы Азиядагы каржы кризисинин натыйжасында вондун наркы дээрлик эки эсе арзандаган.
2018-жылдын 11-декабрында Корея банкы 2018-жылы Пхёнчханда өткөн кышкы Олимпиада оюндарына арналган 2000 вондук эстелик банкнотту чыгарганын расмий жарыялаган. Анын арткы бетиндеги сүрөт вертикалдуу жайгаштырылган. Бул банкнота регулятордун тарыхындагы биринчи эстелик банкнот болуп саналат, анткени буга чейин эстелик түрүндө болгону монеталар гана чыгарылып келген[2].
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1966-жылга чейин жүгүртүүдө 10 жана 50 хван монеталары гана болгон. Жаңы вон номиналындагы монеталар Корея банкы тарабынан 1966-жылдын 16-августунда чыгарылган. Алардын номиналдары 1, 5 жана 10 вон болгон. Бул монеталарда биринчи жолу корей календары эмес, биздин заман башталгандагы жылдар колдонулган. 10 жана 50 хвандык монеталар 1975-жылдын 22-мартында жүгүртүүдөн алынган.
1968-жылы 1 вон номиналындагы жезден жасалган монетанын өздүк наркы номиналынан жогору болуп кеткендиктен алюминий монеталарына алмаштырылган. Монета чыгаруунун өздүк наркын мындан ары да төмөндөтүү максатында 1970-жылы жез ордуна латундан жасалган жаңы 5 жана 10 вон монеталар чыгарылган. Ошол эле жылы жүгүртүүгө жез-никелден жасалган 100 вон монетасы, ал эми 1972-жылы — 50 вон монетасы киргизилген[3].
1982-жылдын 12-июнунда инфляциянын өсүшү жана соода автоматтарынын кеңири колдонулушу менен байланыштуу 500 вон номиналындагы монета жүгүртүүгө чыгарылган. 1983-жылдын январында монеталык системаны стандартташтыруу максатында жаңы сериядагы монеталар чыгарылган — 1, 5, 10, 50 жана 100 вон. Алардын дизайны 500 вон монетасына окшош болгон, бирок мурунку монеталардын тематикасын сактап калган[3].
| Сүрөт | Номинал | Диаметр
(мм) |
Салмагы
(г) |
Калыңдыгы
(мм) |
Материал | Сүрөттөөмөсү | Дата | |||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Аверс | Реверс | Кыры (гурт) | Аверс | Реверс | чегилген | жасалган | алынган | |||||
| 1 | 17,2 | 1,70 | 1,14 | латунь | жылмакай | Сирия гибискусу, номинал,
банктын аталышы |
Номинал, банктын аталышы,
чегилген жылы |
1966-жыл 16-август | 1966, 1967 | 1980-жыл 1-декабрь | ||
| 0,73 | 1,54 | алюминий | 1968-жыл 26-август | 1968—1970, 1974—1982 | 1992 | |||||||
| 1,2 | Сирия гибискусу, номинал | 1983-жыл 15-январь | 1983—1985, 1987—1991,
1995-ж. тартып |
жүгүртүүдө | ||||||||
| 5 | 20,4 | 3,90 | 1,48 | Коло
88% жез, 12% цинк |
жылмакай | Кобуксон, номинал,
банктын аталышы |
Номинал, банктын аталышы,
чегилген жылы |
1966-жыл 16-август | 1966 | 1992 | ||
![]() |
![]() |
2,95 | 1,33 | латунь
65% жез, 35% цинк |
1970-жыл 16-июль | 1970—1972, 1978—1982 | 1992 | |||||
![]() |
![]() |
Кобуксон, номинал | 1983-жыл 15-январь | 1983, 1987—1991,
1995—1997, 1999-ж. тартып |
жүгүртүүдө | |||||||
| 10 | 22,9 | 4,22 | 1,45 | Коло
88% жез, 12% цинк |
жылмакай | Таботхап, номинал, банктын аталышы | Номинал, банктын аталышы,
чегилген жылы |
1966-жыл 16-август | 1966—1970 | жүгүртүүдө | ||
| 4,06 | 1,4 | латунь
65% жез, 35% цинк |
1970-жыл 16-июль | 1970—1975, 1977—1982 | ||||||||
| 1,43 | Таботхап, номинал | 1983-жыл 15-январь | 1983, 1985—2009 | |||||||||
| 18,0 | 1,22 | 1,2 | жез жалатылган алюминий,
48% жез, 52% алюминий |
2006-жыл 18-декабрь | 2006-ж. тартып | |||||||
| 50 | 21,6 | 4,16 | 1,6 | 70% жез,
18% цинк, 12% никель |
кесикче | Күрүч гүлү, номинал | Номинал, банктын аталышы,
чегилген жылы |
1972-жыл 1-декабрь | 1972—1974, 1977—1982 | жүгүртүүдө | ||
| 1,52 | 1983-жыл 15-январь | 1983—1985,
1987-ж. тартып | ||||||||||
| 100 | 24,0 | 5,42 | 1,6 | Жез-никель эритмеси,
75% жез, 25% никель |
кесикче | Ли Сунсин, номинал,
банктын аталышы |
Номинал,
чегилген жылы |
1970-жыл 30-январь | 1970—1975, 1977—1982 | жүгүртүүдө | ||
| Ли Сунсин, номинал | Номинал, банктын аталышы,
чегилген жылы |
1983-жыл 15-январь | 1983-ж. тартып | |||||||||
| 500 | 26,5 | 7,70 | 2 | Жез-никель эритмеси,
75% жез, 25% никель |
кесикче | Турна, номинал | Номинал, банктын аталышы,
чегилген жылы |
1982-жыл 12-июнь | 1982—1984, 1987—1997,
1999-ж. тартып |
жүгүртүүдө | ||
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1950—1953-жж. серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1962-ж. серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1962—1969-жж. серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1972—1979-жж. серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 1972—1973-жж. серия (корей.) | |||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Басып чыгарылгын датасы | Колдонуудан чыгарылган датасы | Серия белгиси | Басып чыгарылган жери | |||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | Суу белгиси | |||||||
| ₩5000 | 167 × 77 мм | күрөң | Ли И | Корея банкынын башкы имараты | 1972-жыл 1-июль | 1980-жыл 1-декабрь | I серия (가) | Thomas de la Rue[4] | |||
| ₩10 000 | 171 × 81 мм | күрөң | Седжон, сирия гибискусу | Кёнбоккундагы кынджонджон | 1973-жыл 12-июнь | 1981-жыл 10-ноябрь | I серия (가) | Жапония[5] | |||
| 1972—1979-жж. серия (корей.) | |||||||||||
| ₩500 | 159 × 69 мм | жашыл и кызгылт | Ли Сунсин, Кобуксон | Гробница Ли Сунсина | жок | 1973-жыл 1-сентябрь | 1993-жыл 12-май | III серия (다) | |||
| ₩1000 | 163 × 73 мм | кызгылт көк | Ли Хван, сирия гибискусу | Досан конфуций мектеби | 1975-жыл 14-август | I серия (가) | Жапония[6] | ||||
| ₩5000 | 167 × 77 мм | кызгыл сары | Ли И | Каннындагы очжукхон | 1977-жыл 1-июнь | 1993-жыл 12-май | II серия (나) | Жапония[4] | |||
| ₩10 000 | 171 × 81 мм | жашыл | Сежон, суу сааты | Кёнбоккундагы Кёнхору павильону, сирия гибискусу | 1979-жыл 15-июнь | 1993-жыл 12-май | II серия (나) | Жапония[5] | |||
1983—2002-жж. серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2006—2007-жж. серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2017-ж. серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ South Korea’s Price Spike May Prompt BOK to Extend Easing Pause
- 1 2 3 Bank of Korea. History and Mission
- 1 2 Korea.net. A quick look at the modern history of Korea's currency
- 1 2 Brief History of current Korea notes in circulation; 5,000 won note (англ.). Корея банкы. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 27 -сентябрь (аяк оона) 2007.
- 1 2 Brief History of current Korea notes in circulation; 10,000 won note (англ.). Корея банкы. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 7 -май (бугу) 2008.
- ↑ Brief History of current Korea notes in circulation; 1,000 won note (англ.). Корея банкы. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 27 -сентябрь (аяк оона) 2007.



