Төкө Жумабаев

Википедия дан

Төкө Жумабаев - кыргыз төкмө акыны. 1915-жылы туулган, 1978-жылы дүйнөдөн өткөн.

Жеке жашооосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колхоз, совхоздо жумушчу болуп иштеген. Уй-булолуу 1 кыз, 3 уулдун атасы.

Төкмөчүлүк өнөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журт кыдырып, өзүнүн төкмөчүлүк өнөрүн аркалап, той-аштарда кызмат кылып, Көк-Арт өрөөнүндө төкмө акын деп элге таанылып келген. Айылда комузун көтөрүп, эл менен жолугушкан учурда комузун күүлөп, ошол замат төгүп жиберчүү. Орус калкы үчүн бул өнөр бааланган эмес. Төкө Жумабаевдин төкмөчүлүк чеберчилиги өтө жогору болгон. Ошол мезгилдин шартында, өз өнөрү менен даңкталбай калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3