Мазмунга өтүү

Төлөкова Сүйдүм

Википедия — ачык энциклопедия

Төлөкова Сүйдүм (1926, Сокулук району, Жыламыш айылы) - ырчы, ооз комузчу.

Болочоктогу шайырдын шыгынын тутанышына, элдик музыканын кең дүйнөсүнө аралашышына таянеси акын Н. Жетикашкаеванын таасири чоң.

1944-ж. Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармониянын мамлекеттик хоруна кабыл алынган.

1960-ж. хор коллективи жоюлуп, ал филармониянын эл шайырлар тобунда ырчы, ооз комузчу катары 1970-жылга чейин иштейт, А. Байбатыров, Т.Тыныбековдон темир комузда ойноону үйрөнөт.

Ооз комузчулар ансамблине катышат. Элдик күүлөр «Бурул-чанын селкинчек», «Кызыл гүл», «Торгой менен Турумтай», «Көк музоо», А. Байбатыровдун «Тагылдыртоо» ж. б. күүлөрдү бийик чеберчиликте аткарат.

Комуздун коштоосунда терме, санат, үлгү, нуска ырларын, акындардын сабатмалуу обондорун да ырдайт. Көбүнчө ал аялдардын турмушуна арналган «Биз энебиз», «Эне ою», «Улам жашоо кызык болуп баратат», «Турмуштун гүлү аялдар», «Кыргыз болсо экен», «Анда сен», «Бир болсок» ж. б. ырларды ырдайт. Төлөкованын аткаруусундагы күүлөр, ырлар кыргыздын элдик музыкасынын өнүгүшүнө салым кошкон. КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон.

1998-ж. Якутияда өткөн бүткүл дүйнөлүк темир комузда ойноочулардын симпозиумуна катышкан.

Ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.