Төлөм бирликтери

Википедия дан

Төлөм бирликтери – өлкөлөр тобунун чегинде эларалык макулдашуулар аркылуу жол-жоболоштурулган валюталык, эсеп-кысап жана аларга тийиштүү кредиттик мамилелердин өзгөчө жеңилдик берилген тутуму. Т. б-нин негизги максаты – дүйнөлүк эмгек бөлүштүрүүгө катышуусун толуктоо иретинде, катышуучу-өлкөлөрдүн өзара (аймактык) экономикалык байланышын өнүктүрүүгө түрткү берүү. Адатта Т. б. – аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ар кандай түрдө жүргүзүлүүчү жана тышкы экономикалык байланыштар чөйрөсүндөгү иш-чаралар жыйындысынын катыштык бөлүгү. КМШга катышкан биркатар мамлекеттер 1994-жылы өз Т. б-н түзүү жөнүндө макулдашышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]