Шамшиев, Төлөн

Википедия дан
Төлөн Шамшиев‎»‎ барагынан багытталды)

(1913–2001)

Акын Төлөн Шамшиев Өзгөн районундагы Куршаб айылында 1913-жылы 14-октябрда туулган. 1927-жылы Өзгөн шаарындагы интернатта, 1932-жылга чейин Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында окуган. 1932-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде редактор болгон.
1942–1946-жж. Т.Шамшиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Улуу Атамекендик согушта Берлинге чейин барган. 1946-жылы аскерден келип 1949-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитеттин председателинин орунбасары, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, Жазуучулар союзунун консультанты, Кыргызстан мамлекеттик басмасында, Кыргызстан мамлекеттик окуу педагогика басмасында редактор болуп кызмат аткарган.
Т.Шамшиев 1936-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 1938–1948-жж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Т.Шамшиевдин чыгармачылык иши 1930-жылдан башталып, «Кызыл пахтачы», «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттерине жарыяланып турган. 1934-жылы «Отуз адыр» аттуу поэмасы өзүнчө китеп болуп чыккан жана анын чыгармалары орус, украин, латвия, армян, япон тилдерине которулган. китептери орус тилине, Т.Шамшиев В.В.Маяковскийдин «Ким болсом?», С.Айнинин «Бухара» романын ж. б. которгон. Т.Шамшиев «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», Берлинди алгандыгы үчүн» жана «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиштүү аяктаганына XX жыл», «СССРдин Куралдуу күчтөрүнө 50 жыл», «1941–1945-жылдардагы согуштун жеңишине 25 жыл», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин отуз жылдыгы» медалдары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Отуз-Адыр. Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934. – 48 б.

Жаңы заман жаштары. Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 58 б.

Жеткинчектерге. Мектеп балдары үчүн. Альманах. – Ф. – Казань, Кыргызмамбас, 1935. – 40 б.

Көз жаштары: 10 сүрөттүү, төрт көшөгөлүү музыкалуу драма – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 44 б.

Толкундар арасында: Ырлар жыйнагы.–Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 99 б.

Көз жаштары. Он сүрөттүү, төрт көшөгөлүү драма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 75 б.

Жеңиш ыры. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937.– 66 б.

Баатыр жөнүндө ыр. – Ф.: – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 88 б.

Балдар үчүн. Ырлар. – Ф.: – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 57 б.

Фронттук ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1942. – 28 б.

Солдаттык күндөр: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 55 б.

Ырда достор: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 65 б.

Тынчтык жана эмгек. Ырлар. – Ф. Кыргызмамбас, 1952. – 104 б.

Үч дөбө: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 80 б.

Күжүрмөн жылдар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 128 б.

Ырдасам. Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 120 б.

Белек. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 102 б.

Турмуш таасирлери. Тандалмалуу чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 202 б.

Ак булуттар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 86 б.

Турмуш таасирлери: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 176 б.

Орус тилинде

Город Ала-Тоо: Стихи. – М: Гослитиздат, 1939.– 68 с.

Счастье моего города: Стихи и песни. – Ф.: Киргизгосиздат, 1950. – 196 с.

Стихотворения. – М.: Сов. писатель, 1957.– 83 с.

Возрожденная земля: Сборник стихов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 150 с.

В огне: Поэма для молодежи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 84 с.

В гостях и дома: Рассказы и очерки. – Ф.: Киргизгосиздат, 1961. – 320 с.

Сын шахтера: Очерки и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 116 с.

Слово о панфиловцах: Стихотворения, поэмы. – Ф.: Мектеп, 1981. – 96 с.

КОТОРМОЛОРУ

Квитко Л. М. Ворошиловго кат. Мектепке чейинки балдар үчүн. – М.: Детск. изд., 1938. – 12 б.

Маяковский В. В. Ким болсоң? – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 24 б.

Айни С. Бухара: Эстеликтер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 348 б.

Турсун Парда. Окутуучу: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 556 б.

Тихонов Н. С. Эр жүрөк партизан. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 38 б.

Муса Жалил. Тандалма чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 319 б. (К. Жунусов менен бирге).

Сынтимбряну Мирча. Менин досторум: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1967. – 87 б.