Төмөнкү-Нарын капчыгайы
Төмөнкү-Нарын капчыгайы - Нарын дарыясын бойлото Кетментөбө өрөөнүнөн Ташкөмүр шаарына чейин созулуп жатат.
Узундугу 80 клдей. Капчыгай девон-карбондун жана юранын акиташ, кумдук, кангломерат, чопо жана метаморфизмделген сланец тектеринен турат. Дарыя Кочкордөбө, Исфанжайлоо, Чокет, Чак (сол жээк) жана Атойнок, Суук, Жалгызкыр (оң жээк) тоолорун кесип өтөт. Дарыя жээгинин айрым бөлүгүндө антропоген тектеринин калдыктары бар.
Капчыгайдын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 670 м. Сол жээгиндеги тоолордун орточо бийиктиги 2060 м, оң жээгиндегики 1970 м (суунун нугунан 1300-1400 м бийик жайгашкан). Капчыгайдын кууш келген бөлүгү Токтогул ГЭСинин тосмосунан чыгышты көздөй 20 кмге созулат. Тосмодон батышты көздөй капчыгай 600800 м кеңеет. Капчыгайдын капталдары тик жана аскалуу келип, майда терең өрөөндөр менен тилмеленген; сел жүрөт.
Түштүк капталы шагылдуу келип, каксоо, жарым чөл ландшафты басымдуу. Түндүк капталында бадал, арча кездешет. Нуктун оң жана сол жээктери менен Бишкек - Ош жолу өтөт. Капчыгайдын төмөнкү бөлүгүндө Күрпсай, Шамалдысай, Ташкөмүр ж. б. ГЭСтер курулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5