Төмөнкү нарын капчыгайы

Википедия дан

Төмөнкү нарын капчыгайы Нарын д-сын бойлото Кетмен-Төбө өрөөнүнөн Таш-Көмүр шна чейин созулуп жатат. Уз. 80 кмдей.

Капчыгай девон-карбондун жана юранын акиташ, кумдук, конгломерат, чопо жана метаморфизмделген сланец тектеринен турат. Дарыя Кочкор-Дөбө, Исфан-Жайлоо, Чокет, Чак (сол жээк) жана Ат-Ойнок, Суук, Жалгыз-Кыр (оң жээк) тоолорун кесип өтөт. Дарыя жээгинин айрым бөлүгүндө байыркы төртүнчүлүк мезгилдин тектеринин калдыктары бар. Капчыгайдын таманынын орточо бийиктиги деңиз деңг. 670 м. Сол жээгиндеги тоолордун орточо бийиктиги 2060 м, оң жээгиндегиники 1970 м (суунун нугунан 1300-1400 м бийик жайгашкан). Капчыгайдын кууш келген бөлүгү Токтогул ГЭСинин тосмосунан батышты көздөй 20 кмге созулат. Тосмодон чыгышты көздөй капчыгай 600-800 м кеңейет. Капчыгайдын капталдары тик жана аскалуу келип, майда терен өрөөндөр менен тилмеленген; сел жүрөт. Түштүк капталы шагылдуу келип, каксоо, жарым чөл ландшафты басымдуу. Түндүк капталында бадал, арча кездешет. Нуктун оң жана сол жээктери менен Бишкек - Ош автомобиль жолу өтөт. Капчыгайдын төмөнкү бөлүгүндө Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтери курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4