Мазмунга өтүү

Төмөнкү температуралар физикасы

Википедия долбоорунан

Төмөнкү температуралар физикасы — физиканын төмөнкү температураларды алуу, өлчөө, колдонуу жана изилдөө методдору менен мыйзамдарын камтыган бөлүмү.

Газдардын суюк абалын изилдөөдө төмөнкү температураны колдонуу чечүүчү мааниге ээ. Суюк гелий температурасындагы ар кандай заттардын касиеттерин изилдөөдө жацы, негизги фактылар жана мыйзам ченемдер аныкталды. Бул физиканын атайын бөлүмү — төмөнкү температуралар физикасынын өнүгүшүнө мүмкүндүк берди. Кадимки температурада атомдордун күчтүү жылуулук кыймылынан алардын өз ара аракеттенишине байланыштуу өзгөчө касиеттер төмөнкү температурада көрүнө баштайт.

Төмөнкү температурада байкалган жаңы мыйзам ченемдер квант механикасынын негизинде тана толук түшүндүрүлөт. Төмөнкү температуралар физикасынын өнүгүшү катуу нерселердин квант теориясын түзүүгө зор түрткү берди. Өтө муздатуу ядро физикасында, жарым өткөргүчтөрдү, молекулярдык кристаллдардын оптикалык касиеттерин ж. б-ды изилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.