Төрөттөн кийинки мезгил

Википедия дан
Төрөттөн кийин

Төрөттөн кийинки мезгил аял төрөгөндөн кийин баланын тону түшкөндөн баштап 6—8 жумага созулат.

Бул мезгил тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул мезгилде аялдын организминдеги бойго бүтүүгө байланыштуу өзгөрүүлөр калыбына келет. Жатын булчуңдары жыйрылып, кичиреет. Экинчи жана андан кийинки төрөгөн аялдарда жатындын жыйрылышы алгачкы күндөрү катуу оору менен коштолот (соңку толгоо). Жатындын ички бети калыбына келип, былжыр чел бара-бара жатындын ичин каптайт. Жатындан суюктук бөлүнөт; алгач кан аралаш, кийинчерээк (5-жумада) былжыр суюктук чыгат. Мында жатын моюнчасынын жана жатын кынындагы айрык, жарааттар айыгат, жатынды кармап туруучу чоюлган байламталар кыскарып, жатын түтүгү жана энелик бези кадимки абалына келет. 3—4-суткада эмчектен сүт чыга баштайт. Айрым учурда эмчекте сүт көп болгондуктан эмчекти сүт тээп, эмчек чыңалып ооруйт. Кээде эти ысыйт. Эгерде төрөттөн кийинки мезгил нормалдуу өтсө, төрөгөн аялдын абалы анча өзгөрбөйт. Төрөгөн аялга алгачкы 2 күнү көбүрөөк жатуу сунуш кылынат. Бирок такыр кыймылсыз жата берсе заңдоо жана заара ушатуу кыйындайт. Жатындын жыйрылуусу көпкө созулат. Ден соолугу жакшы, өзүн жакшы сезген аялдарга 2-суткада туруп басууга (алгач 15—30 мин., андан ары сейилдөө мөөнөтү көбөйтүлөт) уруксат берилет. Төрөттөн кийинки мезгилде төрөгөн аял асептика жана антисептика эрежелерин так сактабаса жараат, төрөт жолундагы жаракалар, эмчек үрпүнүн жарылган жери аркылуу инфекция кирип, төрөттөн кийинки ооруларды пайда кылат. Төрөттөн кийинки кабылдоолорду болтурбоо үчүн төрөгөн аял сырткы жыныс органын марганцовканын мала кызыл эритмеси менен күнүнө 2 жолу жууп, астыга коюлуучу чүпүрөктү убагы менен которуп, ич кийим, шейшептерди күнүнө алмаштыруу керек. Төрөгөн аял өздүк гигиенаны жакшы сактоого тийиш. Алар тырмагын өстүрбөй алып, баланы эмизерде жана тамак ичерде колун самындап жууп турушу зарыл. Эмчектин үрпү жарылып кетүүдөн сактоо үчүн баланы эмизгенден кийин эмчекти нашатырь спиртинин 0,5%түү эритмеси же жылуу суу менен самындап 2 маал жууп, тегерегин 1 %түү бор кислотасынын эритмеси менен сүртүп, кебез менен аарчуу сунуш кылынат. Баланы туура эмизүү да чоң мааниге ээ (Эмчектеги бала). Эмизгенден кийин эмчекте сүт калса, саап салган жакшы.

Эс алуу жана тамактануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төрөгөн аял убагы менен эс алып, сапаттуу тамактануусу талапка ылайык. Күнүмдүк тамак-аштын составында кефир, быштак (100—200 г), витаминдүү жашылча-жемиш жана башкалар болууга тийиш. Кычкыл, өткүр тамакты жегенге, ичимдик ичкенге, чылым чегүүгө, өз алдынча дары каражаттарын пайдаланууга болбойт. Таза абада көп болуп, бөлмөнү убагы менен желдетип, таза кармоо эне жана бала үчүн өтө пайдалуу. Бул мезгилде оор нерсе көтөрүүгө болбойт. Эгерде температура көтөрүлүп, жатындан кан агып, эмчектин үрпү жарылып кетсе же эмчек ооруса маститке өтүп кете электе врачка кайрылуу зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8