Төө, ашуу

Википедия дан
Төө ашуунун туннели.

Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү ашуу. Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө. Деңиз деңгелинен бийиктиги 3586 м. Ашуунун Кара-Балта өрөөнү жак бети тик, аскалуу, касаба төрлөр. Ашууга көтөрүлгөн жол Абла суусунун Кара-Балтага куйган жеринен (2060 м бийиктиктен) башталып, 14 км аралыкка салыштырмалуу 1430 м бийиктикке тик каптал менен өйдөлөйт. Долон өрөөнүн бойлогон жол байыркы мөңгү таштардын калдыктарын аралап, 3080 м бийиктикке жетип, белче менен батышындагы жана шажаткан төрдүн таманын дагы майда көлдөргө чейин көтөрүлөт. Кошуна төрдүн башы касаба болгондуктан, жол көлдөн чыгышты көздөй бурулуп эки төрдүн ортосундагы кыска тик капталдуу тоонун кыры менен 3400 м бийиктиктен чукул бурулуштар аркылуу 200 мге өйдөлөп ашууга жетет. Ашуунун бул бөлүгүндө жолдун айрым жерлерин эшилмешагылдан сактоо үчүн бетон тосмолор курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. ISBN 9967-14-006-2