Тap

Wikipedia дан

Тap, Тхар – Индия менен Пакистандагы чөлдүү жана жарым чөлдүү аймак. Инд дарыясынын төмөнкү агымынын сол жээгин бойлой 850 кмге созулуп жатат. Аянты 300 мин км2. Бийиктиги 100–200 м. Сейрек өсүмдүк менен капталган кум жалчалар, бархандар, дюналар, сапырылма кумдуу аймактар мүнөздүү. Оён жерлеринде шор, такыр, туздуу көлдөр кездешет. Климаты тропиктик муссондук. Жаан-чачындын саны 200 ммден (батышта) 900 ммге чейин (чыгышта). Май-июнь айларында абанын температурасы 50°Сге жетет. Чаңдуу шамалдар болуп турат. Сейрек бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жайытта багылуучу мал чарбасы, оазистер менен Инд дарыясынын өрөөнүндө сугат дыйканчылыгы өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]