УДП чыгымдар боюнча эсептөө
УДП чыгымдар боюнча эсептөө – Улуттук дүң продуктыны чыгымдар боюнча эсептөөдө макроэкономикалык жүгүртүүнүн бардык экономикалык агенттеринин: үй чарбаларынын, фирмалардын, мамлекеттин жана товарларды ошол өлкөдөн экспорттоочу чет өлкөлүктөрдүн чыгымдары кошулат.
У.д.п. чыгымдар боюнча аналитикалык туюнтуу төмөнкүдөй түргө ээ: УДП = С + I + G + Х„, мында: С - узак жана кыска мөөнөткө пайдаланылуучу товарларга, о. э. кызмат көрсөтүүлөргө үй чарбаларынын чыгымдарын камтыган жана турак жай сатып алууга чыгымдарды чыгарып таштаган жекече керектөө чыгымдары; I - имараттарды жана курулуштарды тургузууга, жабдууларды сатып алууга, товардык-материалдык запастарды түзүүгө, амортизацияга фирмалардын чыгымдарын, о. э. турак жай сатып алууга үй чарбаларынын чыгымдарын камтыган дүң инвестициялар; G армияны, башкаруу аппаратын кармап турууга, экономиканын мамлекеттик секторунун кызматкерлерине кызмат акы төлөөгө жана ушу сыяктууларга мамлекеттик чыгымдар.
Бардык мамлекеттик трансферттик төлөмдөр чыгарылып ташталат, анткени алар өндүрүштүн учурдагы көлөмүнүн көбөйүшүн чагылдырбайт жана кирешелерди кайра бөлүштүрүүнүн формасы болуп эсептелет; Х„ - экспорт менен импорттун айырмасы катары эсептеле турган чет өлкөлөрдөгү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспорту.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9