Мазмунга өтүү

Удаалаштык

Википедия — ачык энциклопедия

Удаалаштык - матем. түшүнүктөрдүн бири.

Удаалаштык натуралдык аргументке көз каранды болгон функция. Удаалаштыктын элементтеринин табияты ар кандай болуп, натуралдык сандардын көптүгү менен бир маанилүү дал келтирилет же номерленген болот. Адатта удаалаштык аг, а2,... ап,... же кыскача {aj, neN деп белгиленет.

Бардык натуралдык сандардын көптүгүндө аныкталганы чексиз, алгачкы п натуралдык сандардын көптүгүндө аныкталганы чектүү Удаалаштык деп аталат. Экинчисинен баштап ар бир мүчөсү мурда келүүчү мүчөсүнөн чоң болсо, өсүүчү, ал эми кичине болсо кемүүчү Удаалаштык деп аталат. Ал эми бардык мүчөлөрү барабар болгон Удаалаштык туруктуу Удаалаштык болот. Удаалаштыктардын элементтери ар кандай болот: тензорлор Удаалаштыгы, аныктагычтар Удаалаштыгы, матрицалар Удаалаштыгы ж. б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4