Узакбаев Камчыбек Аскарбекович

Википедия дан

Узакбаев Камчыбек Аскарбекович (6. 1. 1957-ж. т., азыркы Талас обл., Талас району, Шумкар-Уя айылы) - медицина илимдин доктору (2002), проф. (2010). КММИни бүтүргөн (1979).

Кыргызстан туберкулёз ИИИде врач-хирург, илимий жана улук илимий кызматкер (1979-87), Бишкек шаардык № 3 балдар клиникалык ооруканада башкы врачтын орун басары (1987-90); Респ. балдар клиникалык ооруканасынын башкы врачы (1990-2004). Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунун директору (2004-2008); 2008-жылдан КРдин саламаттык сактоо министрлигинин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору болуп иштейт. КРдин эмгек сиңирген врачы (2008). КРдин балдар хирургдар ассоциациясынын президенти. КМШ өлкөлөрүнүн педиатрлар федерациясынын вицепрезиденти; түрк тилдүү мамлекеттердин педиатрларынын ассодиациясынын вице-президенти. Балдар хирургиясы боюнча адис. 32ден ашык илимий эмгеги, алардын ичинен 1 монография, 5 ойлоп табуусу жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4