Узатуу
Узатуу – элдик ырлардын жанрдык бир түрү.
Маселен, эпостук чыгармаларда эл коргогон баатыр сапарга, жортуулга чыкканда узатуу ыры ырдалган. «Төштүк» эпосунда Төштүк сыйкырдуу, «касиеттүү» өгөөнү издеп жолго чыгарда эл аны өтө аяган сезимдери, чын жүрөктөн чыккан ак ниет тилектери менен узатышкан:
- Калайык ыйлап, калк ыйлап,
- Калк башчысы жалпы ыйлап,
- Убайымды жеп ыйлап,
- «Сырттан Төштүк бул асыл
- Келер бекен» деп ыйлап.
- Калың журттун баарысы,
- Жашы менен карысы,
- Ыйлап турган себеби,
- Эламандын Төштүгү,
- Келди, кетти, кайран эр,
- Бизге тууган дөө эле,
- Жалпы журтка ээ эле.
Узатуу ырында күйөөгө жөнөп жактан кызга эжеси, жеңеси башка жерде, элде, үй-бүлөөдө өзүн кандай алып жүрүү керек экендиги, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, алган жары менен ынтымактуу жашоо керек экендиги жөнүндө акыл насият айтат. Өз ата-энесин, үй-жайын сагынбай, санааркабай жүрүүнү сурашат.
- Ак калпакчан көрүнсө,
- Акем келет дебей жүр!
- Акең келсе, басып чык,
- Акырын эшик ачып чык!
- Ак элечек көрүнсө,
- Апам келет дебей жүр!
- Апаң келсе басып чык,
- Акырын эшик ачып чык!
- Алты ыстарчын бир болуш.
- Атакең тапкан жай конуш.
- Жай конушка конуп ал,
- Жайдары келин болуп ал.
Бул ыр саптары башка элге, башка журтка бараткан жаш кызга айтылган акыл-кеңеш гана эмес, жашоо практикасында сөзсүз түрдө аткарыла турган эреже, жол-жобо, элдик кодекс.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3