Уикипедия:Администратор макамына арыз берүү

Wikipedia дан
↱ УП:АМБ

Администратор макамы - Уикипедия коомдоштугунун ишенимин актаган жана долбоордун өнүгүшүнө өз салымын кошо алган, убактысынын тардыгына карабастан долбоорду ар качан көзөмөлдөп, жөнөкөй колдрнуучуларга көмөк көрсөтүп турган жана өзүнүн функцияларын түздөн түз аткарган, техникалык колдоо көрсөтө алган, түрдүү келишпестиктерди чечип, эки тарап тең макул болгудай чечим чыгара алган тажрыйбалуу колдонуучу.

Администратор макамына арыз берип жаткан колдонуучунун, Уикипедияда эң аз дегенде алты ай жана минималдуу 1000 оңдоолору болушу зарыл. Эгерде талапкер администратор болушуу макамы күмөн жаратса - коркпостон макул эмесмин деп добуш бериңиз. Анткени Сиздтн тандооңуздан долбоордун өнүгүшү көз каранды. Ал эми колдонуучу тууралуу эч маалымат билбесеңиз, анда - калыс калуу жообун бериңиз. Эгерде колдонуучунун долбоорго болгон салымдары өтө жакшы болуп, ар дайым долбооду колдоп, өнүктүп келсе, анда - макулмун деген добушуңузду берип талапкерди администратор макамына көтөрө аласыз.

Арыз берүү

Арыз берүү алдында УП:Администраторлор, администраторлорго болгон эскертмени окуп чыгыңыз, ошондой эле администратор макамына арыз берүүчүлөгө кеңеш менен таанышып чыкканыңыз оң.

«/» белгисинен кийин кандидаттын ысымын жазыңыз жана «Арыз баракчасын ачууну» басыңыз: