Мазмунга өтүү

Уйду бордоо

Википедия — ачык энциклопедия

Уйду бордоо - этке союулуучу уйду байлап, нормалап тоют берип семиртүү. Негизинен дени таза, тукумдук уйлардан башка торпоктор, жараксыз деп табылган саан уйлар семиртүү үчүн бордолот.

Борго байлануучу уйдун жашына, эттүүлүгүнө жана тоюттун түрүнө жараша бордоо мөөнөтү 60-150 күн. Тоюттандыруу, багуу иштерин жакшылап уюштуруу максатында борго байланган уйлар эркек-ургаачысына, жашына, эттүүлүгүнө жараша топторго бөлүнөт. Бордолуучу мал орто семиздикте болууга тийиш. Уйду көк жана чыктуу тоют менен бордоодо бир жана көп жылдык өсүмдүктөр, бакча өсүмдүктөрү ж. б. пайдаланылат. Ошондой эле уйга силос, кант кызылчасынын тобун берсе натыйжа жакшы болот. Минерал тоюттан кайнатма туз (бир уйга 6595 гдан), үч кальций фосфат (60-75 г,) кошулат. Бордолуп жаткан мал бир күндө орточо 800-1200 гдан кошумча салмак кошот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4