Мазмунга өтүү

Укеев Садык

Википедия — ачык энциклопедия

Укеев Садык 1920-жылы 5-мартта Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган.

  • 1927-жылы Кызыл-Кыя айылындагы башталгыч мектепке барып 4-классты аяктап, 1931-жылы Текечер айылындагы мектептен окуусун уланткан.
  • 1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, кызмат өтөөгө кеткен.
  • Улуу Ата Мекендик согушта артилериялык взводдо, отделениянын командири болгон.
  • 1943-жылы согуш майданында оор жаракат алып, госпиталга түшөт да, 3-группада күйгөн деп табылып, 1944-жылы үйүнө келген.
  • Согуштан кийинки оор жылдарда, андан кийинки жылдары, Молотовдо раис, Кызыл-Кыяда жылкы ферма, үй ферма башчысы, Октябрь айылында раис болуп иштеген.
  • Акыркы жылдары “Дружба” совхозунда талаа бригадири, брюцулез уй ферма башчысы болуп эмгектенген.
  • 1953-1967-жылдары Кашка-Терек айыл кеңешине 2 жолу, Октябрь айыл кеңешине 3 жолу депутат болуп шайланган.
  • Айыл аксакалы болуп, элдин жакшылык-жамандыгын тейлеген кадыр-барктуу, эл сыйлаган адам болгон.
  • 1992-жылы 22-февраль күнү дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3