Укуктук жөнгө салуу усулу
Укуктук жөнгө салуу усулу – юридикалык ченемдердин таасир этүү ыкмасы. У. ж. с. у. императивдик жана диспозитивдик болуп бөлүнөт. Императивдик усул – бул укук ченемдери менен жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин катышуучусуна бийлик аркылуу таасир этүү ыкмасы. Буга административдик жана кылмыш-жаза укугу мисал боло алат. Диспозитивдик усул – бул өзара тең укуктуу тараптар болгон катышуучулардын өзара мамилелерин жөнгө салуу ыкмасы. Бул аларга өздөрүнүн укук ченемдери менен жөнгө салынуучу мамилелеринин таризин тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул усул жөнгө салуунун 3 ыкмасын өзүнө камтыйт: а) укуктук мүнөзгө ээ, белгилүү аракеттерди жасоого мүмкүндүк берүү; б) белгилүү укуктарды берүү; в) белгилүү өзара мамилелерге катышуучу кишилерге өзүн алып жүрүүнүн бир жолун тандап алуусуна укук берүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7