Укук чыгаруучулук
Көрүнүш
Укук чыгаруучулук – мамлекеттин ишмердигинин маанилүү тармактарынын бири. Арбир мамлекетте У. ч. өзгөчөлүктөргө ээ, бирок баардык жерде ал бирдиктүү коомдогу калыптанган мамилелерди жөнгө салуучу, бири-бирине ички карама-каршылыгы жок, макулдашылган ченемдердин тутумун түзүүгө жана өркүндөтүүгө багытталат. У. ч. мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан; түздөнтүз эл тарабынан референдумдарды өткөрүү аркылуу ишке ашырылат. У. ч. өз ичине мыйзам чыгаруу ишин дагы камтыйт. Мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашыруу тартиби КР мыйзамдарында аныкталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7