Уламыш жана анын классификацияланышы

Википедия дан

Уламыш, улама, аңыз – оозеки адабиятта кеңири тараган жанр. Бир топ белгилери тарабынан легендага өтө жакын турат, бирок айырмалануучу бөтөнчөлүгү бар, ал – тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө аракет кылынгандыгы жагынан легендага караганда фантазиядан бир топ четтейт.


Уламыштардын классификацияланышы:

  • 1. Адам аттарына байланыштуу;
  • 2. Жер-суу аттарына байланыштуу;
  • 3. Турмуш-тиричиликке байланыштуу;
  • 4. Мифологиялык уламыштар;
  • 5. Космологиялык уламыштар;
  • 6. Комуз, комуз күүлөрүнө байланыштуу;
  • 7. «Кыргыз» этнонимине жана кыргыз урууларына байланыштуу уламыштар;
  • 8. Жаныбарларга жана канаттууларга байланыштуу;
  • 9. Кыргыз улуттук оюндарына байланыштуу;
  • 10. Жаратылыш сырларына байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ала-Тоо уламыштары. Түзгөн: Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул