Мазмунга өтүү

Уланова Галина Сергеевна

Википедия — ачык энциклопедия

Уланова Галина Сергеевна (8. 1. 1910, Петербург - 21. 3. 1998, Москва) - совет балет артисти. СССРдин эл артисти (1951), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974, 1980).

1928-ж. Ленинград хореография окуу жайын (энеси М. Ф. Романовадан жана А. Я. Вагановадан окуган) бүтүргөндөн кийин Ленинград опера жана балет театрынын труппасына кабыл алынган. 1944-60-ж. Москва Чоң театрынын солисти болгон. Партиялары: Одетта-Одилия, Аврора (П. Чайковский, «Аккуу көлү», «Уйкудагы сулуу»), Жизель (А. Адан, «Жизель»), Мария (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Жульетта, Золушка (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», «Золушка»), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана»), Тао Хоа (Р. Глиэр, «Кызгалдак») ж. б. У. - классикалык ж. б. бийлерди чебер аткарган. Анын түзгөн образдары психологиялык тереңдиги, таасирдүүлүгү менен айырмаланат. Ал мыкты педагог катары да белгилүү. У. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Лениндик сыйл. (1957), СССР мамлекеттик сыйл. (1941,1946, 1947, 1950) лауреаты. Төрт Ленин, төрт Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», Элдердин достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4