Улотрикс

Википедия дан
Улотрикс sp.

Улотрикс (лат. Ulothrix) - таллому бутактанбаган жипчелерден турган көп клеткалуу жашыл балыр.

Ал Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунун дарыяларындагы таштардын беттеринде пахтадай жумшак ачык жашыл түстөгү жиптерди пайда кылат. Жиптер клеткалардын бир катарынан туруп, калың чел кабык менен капталган. Анын астында цитоплазма, шакек түрүндө курчалган хроматофор бар. Хроматофордо бир нече преноиддер жайгашат. Клеткада бирден ядро жана вакуолдор болот.

Кыргызстандын шартында таза, муздак булак сууларда, дарыяларда, дарыячаларда (Акбуура, Талдык, Кумбел, Үччат, Кыргызата жана башка) көп кездешет.

Вегетативдик көбөйүү талломдун бөлүнүшү менен, жыныссыз көбөйүү зооспоралар аркылуу, жынысташуу изогамиялык, же гетерогамиялык жолдор менен ишке ашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]