Мазмунга өтүү

Улукбек Карыбек уулу

Википедия — ачык энциклопедия
Улукбек Карыбек уулу
Улукбек Карыбек уулу
 
Жарандыгы: Кыргыз
Дини: Ислам
Туулган жылы: 1990-жыл 13-октябрь
Туулган жери: Ош облусу
Партиясы: «Эл Үмүтү»
Билими: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкаруу жана бизнес институту
Кесиби: Журналист
 
Сайты: karybekuulu.com

Улукбек Карыбек уулу (13-октябрь 1990-жыл, Ош облусу) — эркин журналист, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты. Коррупцияга каршы коомдук иликтөөлөрү менен белгилүү.

Улукбек Карыбек уулу 1990-жылы Ош облусунда туулган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкаруу жана бизнес институтунда "сапаттык башкаруу" адистиги боюнча окуган[1].

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• 2011 — "Манас жаңырыгы" телеканалында кабарчы болуп иштеген.

• 2013 — "Түшүнүк" берүүсүн түзүп, алып барган.

• 2013 — "Дил мүрөгү" маданий-адептик борборунда менеджер кызматын аткарган.

• 2016 — "Чоң-Алай" ишканасын башкарып турган.

• 2017 — "Марва" телеканалына жетекчилик кылган.

• 2019–2021 — алтын кендери жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча коррупциялык схемаларды иликтеген журналисттик материалдарды даярдаган.

• 2021–2024 — Эркин журналист.

• 2024–2025 — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

  1. Улукбек Карыбек уулу — өмүр баян. Спутник. Текшерилген күнү 5 -декабрь (бештин айы) 2025.