Улуттар Шериктештиги
Улуттар Шериктештиги (англ. Commonwealth of Nations, 1946-жылга чейин Британдык Улуттар Шериктештиги англ. British Commonwealth of Nations), аталышында кыскартылган Шериктештик (англ. The Commonwealth) термини колдонулган) — бул өз ара кызматташтыкка негизделген, негизинен мурдагы Британ империясынын дээрлик бардык мурдагы доминиондорун, колонияларын жана протектораттарын бириктирген эл аралык уюм. Анын мүчөлөрү саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташып, демократиялык баалуулуктарды, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүүгө умтулушат.
Шериктештикке дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 50дөн ашуун мамлекет кирет, алардын арасында Африка, Азия, Америка, Тынч океан жана Европанын айрым өлкөлөрү бар. Бул уюмдун мүчөлөрү ар түрдүү башкаруу формаларына ээ — айрымдары монархиялык, башкалары республикалык түзүлүштө.
Шериктештикке мүчө болуу үчүн өлкөлөр белгилүү критерийлерди аткарышы керек, мисалы, демократиялык башкаруу, мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктарын сыйлоо. Мүчө мамлекеттер жыл сайын же эки жылда бир жолу жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, жалпы маселелерди талкуулашат.
Бул уюмдун ишмердүүлүгү билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар саясаты, спорт жана башка тармактарда кызматташтыкты камтыйт. Мисалы, Шериктештик Оюндарын өткөрүү аркылуу мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы маданий жана спорттук байланыштарды чыңдоо саналат.
Шериктештиктин мүчөлөрүнүн арасында Улуу Британия менен тарыхый байланышы жок башка мамлекеттер да бар.
Түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Шериктештиктин башчысы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Лондон декларациясынын чечимине ылайык, Чарльз III уюмдун башчысы болуп саналат[1][2]. Британ падышасы каза болгондон кийин анын мураскери уюмдун жаңы башчысы болуп калуу укугуна ээ эмес. Буга карабастан, 2018-жылдын апрелиндеги уюмдун мучо мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусунда каза болгон Елизавета II ордуна Чарльз III дайындоого макулдугун беришкен[3]. Шериктештиктин башчысынын кызмат орду символикалык гана мааниге ээ[1].
Шериктештикге мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Уюмдун негизги чечим кабыл алуучу жыйыны — бул ар эки жылда өткөрүлүүчү Улуттар Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын жыйыны болуп саналат. Бул жыйында Шериктештикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, премьер-министрлери жана президенттери чогулуп, өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди бир нече күн бою талкуулашат. Бул жыйындар 1887-жылдан бери өткөрүлүп келет. Мындан тышкары, каржы, укук, саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча министрлердин да туруктуу жолугушуулары өтөт. Шериктештикке төлөмдөрдү жүргузбөгөн же төлөмдөрдү кечиктирген мүчө мамлекеттердин бул жыйынга катышууга өкүл жөнөтө алышпайт[1].
Шериктештиктин Катчылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Улуттар Шериктештигинин катчылыгы 1965-жылы түзүлгөн жана ал Шериктештиктин негизги өкмөттөр аралык органы болуп саналат. Катчылык мүчө мамлекеттер жана өлкөлөр ортосунда кеңешмелерди жана кызматташууну жеңилдетет. Ал жалпы мүчө мамлекеттерге жооптуу. Катчылык Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында байкоочу макамы ээ жана Шериктештиктин Башкы Ассамблеясында ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат.
Катчылык Шериктештиктин саммиттерин, министрлердин жолугушууларын, консультациялык жолугушууларды жана техникалык талкууларды уюштурат, ички саясатты иштеп чыгууда көмөк көрсөтөт жана саясий кеңештерди берет, ошондой эле мүчө мамлекеттер ортосунда көп тараптуу байланыштарды камсыз кылат. Ошондой эле, ал өкмөттөргө өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндө жана Шериктештиктин негизги саясий баалуулуктарын колдоодо техникалык жардам көрсөтөт.
Катчылыктын башында Шериктештиктин башкы катчысы турат. Ал Шериктештикке мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан төрт жылдык эки мөөнөттөн ашпаган убакытка шайланат. Башкы катчы жана анын эки орун басары катчылыктын бөлүмдөрүн жетектешет.
Азыркы башкы катчы — Ганалык Ботчвей Ширли Айоркор.
Шериктештиктин жарандык жана жогорку комиссарлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Шериктештиктин айрым мүчө мамлекеттери, бул шериктештикке кирген мамлекеттердин жарандарына өзгөчө укуктарды беришет. Улуу Британия жана башка бир нече өлкөлөр Кариб деңизинин аймагында жайгашкан жана шериктештикке кирген мамлекеттердин жарандарына шайлоо укугун беришет[4]. Айрым өлкөлөрдө, анын ичинде Улуу Британияда, шериктештикке кирген мамлекеттердин жарандары үчүн жарандык алуу же резидент болуу саясаты жеңилдетилген[5][6][7]. Бул шериктештикдин алгачкы тарыхында, мүчө мамлекеттердин жарандары шериктештикдин курамындагы мамлекеттер үчүн «чет элдиктер» деп саналган эмес жана баардык жарандар британ жарандары деп эсептелеген.
Эгерде шериктештикке кирген мамлекеттин башка бир мамлекетте элчилиги же өкүлчүлүгү жок болсо, бирок ошол эле мамлекетте шериктештиктин курамындагы башка бир мамлекеттин өкүлчүлүгү болсо, анда өкүлчүлүгү жок мамлекеттин жарандары ошол өкүлчүлүгү бар шериктеш мамлекеттин элчилигине кайрылып, жардам ала алышат[8]. Учурда Улуу Британиянын элчиликтери көпчүлүк мамлекеттерде жайгашкандыктан, шериктештикке мүчө мамлекеттердин жарандары жардам алуу үчүн Улуу Британиянын элчиликтерине кайрыла алышат. Эгерде күтүлбөгөн окуялар же өзгөчө кырдаалдар орун алса, мындай учурда Улуу Британия өзгөчө кырдаалдарда колдонулуучу паспортту бере алат[9]. Ошондой эле, Австралия да өз өлкөсүнөн жарактуу саякат документтерин ала албаган жана шашылыш түрдө жол жүрүүгө муктаж болгон шериктеш мамлекеттердин жарандарына өздүгүн тастыктаган документтерди өзгөчө кырдаалда берүү укугуна ээ[10].
Шериктештиктин курамындагы өлкөлөрдүн ортосундагы тыгыз байланыш алардын дипломатиялык протоколдорунда чагылдырылган. Мисалы, шериктештиктин курамындагы өлкөлөр эки тараптуу мамиледе болгондо, алардын өкмөттөрү элчилердин ордуна жогорку комиссарларды жөнөтүшөт[11].
Кошумча курамдык бөлүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шериктештиктин курамындагы мамлекеттер саясий багытта гана эмес, башка институционалдык тармактарда да тыгыз кызматташуу менен иш алып барышат. Бул кызматташуунун алкагында укуктук (сот), коопсуздук жана аскердик тармактарда байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле гуманитардык, билим берүү, илимий, маданий жана социалдык багыттарда да биргелешкен аракеттерди жүргүзүү каралган. Мындан тышкары, шериктеш мамлекеттер эл аралык деңгээлдеги маанилүү маселелер боюнча да өз ара кеңешип, жалпы кызыкчылыктарды коргоого багытталган саясатты жүргүзүшөт.
Мүчөлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Улуттар Шериктештигинин жалпы калкынын саны болжол менен 3 миллиард адамды түзөт, бул дүйнө калкынын болжол менен 30% барабар. Калкынын саны боюнча биринчи орунда Индия турат (2023-жылга карата — 1,4 миллиард адам). Андан кийин Пакистан, Нигерия жана Бангладеш келет (2023-жылдагы калк саны: Пакистан — 221 миллион, Нигерия — 213 миллион, Бангладеш — 171 миллион). Калкы эң аз өлкө — Тувалу, анын калкы болжол менен 12 миң гана адам. Шериктештикке кирген мамлекеттердин аймагы дүйнөлүк кургактыктын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт. Аянты боюнча эң ири мамлекеттер — Канада, Австралия жана Индия.
Улуттар Шериктештигинин курамына кирүү, уюмдун негизги саясатын тааныган жана колдогон бардык мамлекеттер үчүн ачык. Ошондой эле, талапкер мамлекет менен Улуу Британиянын же Улуттар Шериктештигининн башка мүчөсүнүн ортосунда мурунку же азыркы конституциялык жана тарыхый байланыштары болушу керек. Улуттар Шериктештигинине мүчө болгон бардык мамлекеттердин эле Улуу Британия менен түз байланыштар боло бербейт — кээ бир Түштүк Тынч океанындагы мамлекеттер мурда Австралиянын же Жаңы Зеландиянын башкаруусунда болгон. Ал эми Намибия 1920-жылдан 1990-жылга чейин Түштүк Африка Республикасынын башкаруусунда турган. 1995-жылы Улуттар Шериктештигинин мүчөсү болгон Камерундун аймагынын бир бөлүгү гана Улуу Британиянын башкаруусунда болгон.
Мүчө мамлекеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү] Австралия
Антигуа жана Барбуда
Багама аралдары
Бангладеш
Барбадос
Белиз
Ботсвана
Бруней
Вануату
Улуу Британия
Габон
Гайана
Гамбия
Гана
Гренада
Доминика
Замбия
Индия
Камерун
Канада
Кипр
Кения
Кирибати
Лесото
Маврикий
Малави
Малайзия
Мальдивдер
Мальта
Мозамбик
Намибия
Науру
Нигерия
Жаңы Зеландия
Пакистан
Папуа — Жаңы Гвинея
Руанда
Самоа
Сейшел Аралдары
Сент-Винсент жана Гренадиндер
Сент-Китс жана Невис
Сент-Люсия
Сингапур
Соломон аралдары
Сьерра-Леоне
Танзания
Того
Тонга
Тринидад жана Тобаго
Тувалу
Уганда
Фижи
Шри-Ланка
Эсватини
ТАР
Жамайка
Талапкерлер макамындагы мамлекеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү] Алжир
Ангола
Бахрейн
Бурунди
Чыгыш Тимор
Египет
Зимбабве
Израиль
Ирландия
Йемен
Камбожа
Ливия
Мадагаскар
Мьянма
Непал
Кук аралдары
Палестина
Сомалиленд
Суринам
Судан
Түштүк Судан
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Сперанский А., Содружество на современном этапе: дальнейшее усиление центробежных тенденций (к итогам Оттавской конференции 1973 г.), в кн.: Международный ежегодник. Политика и экономика, М., 1974.
- Крылова Н. С. Содружество наций: политико-правовые проблемы. М., 1991
- Сухоруков А. В. Британское содружество наций: прошлое и настоящее // Новая и новейшая история. 2006. № 5
- The Constitutional Structure of the Commonwealth, by K C Wheare. Clarendon Press, 1960. ISBN 0-313-23624-0
- A Guide to the Contemporary Commonwealth, by W D McIntyre. Palgrave, 2001. ISBN 0-333-96310-5
- The Commonwealth in the World, by J D B, by N Mansergh. University of Toronto Press, 1982. ISBN 0-8020-2492-0
- Making the New Commonwealth, by R J Moore. Clarendon Press, 1988. ISBN 0-19-820112-5
- Les ONG du Commonwealth contemporain: rôles, bilans et perspectives, by C A Auplat. L’Harmattan, Paris, 2003. ISBN 2-7475-5513-5
- Commonwealth: Inter- and Non-State Contributions to Global Governance, by Timothy M Shaw. Routledge, 2008. ISBN 978-0-415-35120-1 (hbk). — ISBN 978-0-415-35121-8 (pbk)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 1.2 Commonwealth Secretariat. Уюмга мүчө болуу: коомдук уюмдун мүчөлүгү боюнча комитеттинин отчету
- ↑ Commonwealth Secretariat. Биз жөнүндө
- ↑ The Guardian. Чарльз III уюмдун кийинки башчысы болот
- ↑ Kristy A. Belton. Muddy waters: citizenship and the right to vote in the Commonwealth Caribbean migratory context
- ↑ GOV.UK. Commonwealth citizens
- ↑ Пакистандын ички иштер министрлиги. Пакистандын жарандыгын берүү(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Bronwyn Manby. Citizenship Law in Africa: 3rd Edition
- ↑ GOV.UK. British nationals abroad: A guide
- ↑ GOV.UK. The new UK Emergency Passport
- ↑ Австралиянын тышкы иштер жана соода департаменти. Жарандыгы жок адамдардын саякат документтери(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Lorna Lloyd. Diplomacy with a Difference: The Commonwealth Office of High Commissioner, 1880-2006
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Улуттар Шериктештиги | |
---|---|
Мүчөлөрү |
![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() |
Талапкерлер |
![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() |
![]() |
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |