Улуттук-боштондук революция

Википедия дан

Улуттук-боштондук революция - дүйнөлүк революциялык процесстин бир бөлүгү, социалдык-таптык күрөштүн өзгөчө түрү; колониялык жана жарым колониялык өлкөлөрдө жашаган элдин турмушундагы саясий жана социалдык төңкөрүш; чет өлкөлүк үстөмдүктү жок кылып, улуттук көз карандысыздыкты орнотуу.

Улуттук-боштондук революция улуттук-колониялык эзүүнү жоюу, улуттук мамлекетти түзүү жана улуттун өз алдынчалык укугун жүзөгө ашырууга багытталган улуттук-боштондук кыймылдан улам келип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4