Улуттук Илимий-Изилдөө Фонду

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Улуттук Илимий-Изилдөө Фонду (УИИФ)- медициналык эмес илим жана инженерия тармагындагы изилдөө жана билим берүү тармагын колдогон Кошмо Штаттардын өкмөттүк агенттиги болуп саналат. Ал эми Улуттук Саламаттыкты Сактоо Институту анын аналогу болуп саналат. Анын жылдык бюджети дээрлик 7.0 миллиард АКШ долларын түзөт (2012- каржы жылы) жана ал Кошмо Штаттардагы коллеждер менен университеттер жүргүзгөн изилдөөлөргө орточо эсеп менен 24 пайыздык көрсөткүчтө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле Улуттук Илимий-Изилдөө Фонду математика, компүтер таануу, экономика жана социалдык илимдер тармактарына да колдоо көрсөтөт.

УИИФтин жетекчисин жана жетекчисинин орун басарын АКШнын президенти тандайт жана ал АКШ Сенаты тарабынан ырасталат. Ал эми президент тарабынан тандалган Улуттук Илимий-Изилдөө Бөлүмүнүн калган 24 кызматкерине Сенаттын ырастоосунун кереги жок. УИИФнун жетекчиси жана анын орун басары административдик иштерге, пландоо, бюджет иштери жана фонддун күнүмдүк иш аракеттерине жоопкерчиликтүү. Ал эми УИИБ кызматкердери пландарын ишке ашыруу үчүн жылына алты жолу жолугушат. Астроном жана Пурду Университетинин мурунку президенти, Франс А. Кордова ,УИИФнун учурдагы жетекчиси болуп саналат. Ал 2014-жылы. март айында жетекчи катары ырасталган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]